УКМК: «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасы мамлекетке 10 млн. сом зыян келтирген

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы ири көлөмдө мазут сатып алуу боюнча жасалма документтер пайдаланылып, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин аныктады.

2-январда атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, аталган коррупциялык көрүнүш калкты жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги
аныкталып, ал тиешелүү тартипте мамлекетке өндүрүлүп берилди. Мындан тышкары аталган ишкананын «Кант жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын филиалында 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде мазут жеткирүү үчүн документтерди жасалма жол менен каттагандыгы үчүн коррупциялык схемасыны бөгөт коюлду. Аталган ишкананын жетекчилиги ЖЧК биринин өкүлү менен келишим түзүп, жасалма жол менен ири көлөмдө мазут каттаган»,  -деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*