Өзбекстанда COVID-19дун жаңы түрү катталганы чын — Фактчек

Өзбекстанда коронавирустун британиялык штаммын (түрүн) жуктурган алгачкы учур катталган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Боходир Юсупалиев билдиргенин ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматта COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылганы айтылат.

“Т-Медиа” бул маалыматты текшерип көрдү.

Өзбекстанда коронавирустун британиялык штаммы катталганы тууралуу макалалардын баарында алгачкы маалымат булагы катары министрдин орун басары Боходир Юсупалиевдин Telegram каналы көрсөтүлгөн.

Юсупалиевдин интервьюсун 30-январда Өзбекстан коомдук телерадиокомпаниясы да ютуб-каналына жүктөгөн.

“Эл аралык аэропортто жүргүзүлгөн экспресс-тест оң натыйжасын көрсөттү. Бейтап тез жардам унаасы менен инфекциялык ооруканага жеткирилген. Текшерүүдөн кийин ал жаранга симптомсуз COVID-19 диагнозу коюлду. Кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Бейтап тиешелүү медициналык стандартка ылайык дарыланып жатат”, — деген Юсупалиев. 

Ушул эле маалыматты 1-февралда Борбор Азия маалымат кызматы Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып жазып чыкты. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан, алар үй карантинине алынган. 

“Кырдаалды эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги дагы бир жолу калкты сак болууга, коомдук жайларда беткапты туура жана үзбөй тагынууга, социалдык аралыкты сактоого жана санитардык эрежелерди карманууга чакырат” , — деп билдирген министрлик. 

“Жаңы штамм жугуштуураак”

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жаңы түрү мурункуларына караганда жугуштуурак экенин белгиледи. 

Уюмдун башкы техникалык адиси Мария Ван Керкхов Улуу Британиядан алынган акыркы маалыматтарга таянып, вирустун жаңы түрүн алып жүргөн адам орто эсеп менен 1,5 адамга жугузарын айтты. Мурунку штаммды алып жүргөн бейтап орточо эсеп менен 1,1 адамга жугузат. Буга байланыштуу уюм буга чейин эскертилген сактык чараларын көрүү зарыл экенин белгилейт: физикалык аралыкты сактоо, коомдук жайларда беткап тагынуу,  колду самындап жуу жана антисептик колдонуу.  

“Кыргызстанда каттала элек, бирок вирусту тосо албайсыз”

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы азырынча каттала элек. Алдын алуу максатында сырттан келген кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандардан акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализдин жыйынытыгы талап кылынууда. Бирок ага карабай COVID-19дун жаңы мутацияланган түрү Кыргызстанга да келиши мүмкүн. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова  “Т-Медиага” билдирди. 

“Ошол эле Өзбекстан, Улуу Британия же Россияда да вирустун мутацияланган бир жарым миңден ашык түрү табылып жатат. Бул аба аркылуу жуккан вирус болгондуктан, “Кыргызстанга келбейт, биз тосуп калабыз” деп айта албайбыз. Чек ара менен карым-катнаш болуп турган өлкөлөрдө катталып атса, анда бизде да болушу мүмкүн. Себеби биздин жарандар Өзбекстанга кирип, алар биздин чек арадан өтүп атышат”.

Исмаилова азыркы тапта “британиялык” штаммды лабороториялык жактан тастыктаган үлгүлөрдүн гендерин аныктоо үчүн башка өлкөгө жөнөтүү иштери жүргүзүлүп жатарын кошумчалады. Учурда Англия кызматташуу боюнча расмий макулдугун берген. 

“Алар биз жөнөткөн лабороториялык үлгүлөрдү жасап бермей болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саналуу лабороториялар үлгүлөрдү чогултуп, кетирүүгө даярдап жатышат”, — дейт Исмаилова.   

Кыргызстандагы туристтик фирмалардын маалыматына караганда, быйыл Дубайга эс алганы барып-келгендердин саны арбын. Коронавирустун мутацияланган түрү күчөп тургандыгына карабай, аталган шаарга барчулардын агымы азайган жок. 

Жыйынтык: Өзбекстанда COVID-19дун жаңы түрү катталганы чын.

Автор Жылдыз Орозматова 73 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*