
Кыргызстанда 1-январдан тарта тамекинин акциз салыгы кымбаттады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылдан бери өлкөдө жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуулугунан коргоо, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында акциздин көрсөткүчүн айкалыштыруу үчүн тамекинин акциз салыгы кымбаттаган. Мисалы, бир даана тамекиге акциздин суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 25 сомго көтөрүлдү. 2022-жылы дагы 25 сомго жогорулайт.
Ал эми электрондук тамеки үчүн бир миллилитр никотин камтыган суюктукка акциз салыгы 1-1,25 сомго чейин жогорулады. 2022-жылдын баштап баа 1,5 сомду түзөт. Чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттин, ошондой эле папиростун 1000 даанасына акциз салыгынын ставкасы 1750 сомдон 2000 сомго чейин кымбаттады. 2022-жылдын 1-январынан тартып бул сумма 250 сомго көтөрүлөт.
Эске салсак 2018-жылы Кыргызстанда тамекинин баасын жогорулатуу боюнча Өкмөттүн токтому чыккан. Чылымдын бир кутусу жыл сайын 10 сомго көтөрүлүп, 2022-жылы эң арзаны 90 сом болуусу күтүлүүдө.
Оставьте первый комментарий