Кара-Сууда 6 окуучу ууланып ооруканага түштү

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Дадан Султанов атындагы жатак интернатынын 6 окуучусу ууланып, ооруканага түштү. Учурда алар Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына даарыланып жатышат. Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага» аталган оорукана менен райондук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.

Белгилүү болгондой, балдар 3-класстын окуучулары. Алардын биринчиси ооруканага 2-февралда саат 14:00дөр чамасында келип түшкөн.

«6 окуучунун бирөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Бирок, бүгүн неврологияга котордук. Экөө бир күн алгачкы жардам көрүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылды. Калгандарынын абал жакшы, даарыланып жатышат», — деди оорукананын башчысынын орун басары Жыргал Кадыров.

Азырынча балдардын так эмнеден ууланганы белгисиз. Айтымдарында дүкөндөн шоколад алып жешкен. Учурда ал экспертиза үчүн санитардык-эпидемиологиялык борборго жөнөтүлгөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо