Кыргыз жарандыгын алуу түйшүгү

Ариет, Мадина жана Малика — бул  кичинекейлер өз үй-бүлөсүнүн тарыхын али билбейт. Азырынча алар сүйүктүү чоң энеси менен үйдө, балалыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп жатат. Кичинекей Ариет учак, машина ойноп, кээде эжелеринин куурчактарын да талашып коёт. Бирок булардын эң жакшы көргөнү эрмеги — мышыгы. Ал байкушту саартан кечке көтөрүп, эркелетип күн өткөрүшөт.

Мамашовдордун үй бүлөсү мындан беш жыл мурда Кыргызстанга көчүп келген. Буга чейин алар кошуна Өзбекстандын Анжиян облусунда жашап, ал жактын атуулу эле. Кийинчерээк кеңешип, Кыргызстанга биротоло келүүнү чечишкен. Себеби балдары чоңоюп, бул жакка ишке орношкон. Анын артынан ата-энеси да келүүгө аргасыз болушкан.

“Себеби биздин балдарыбыз ушул жакта, туугандарыбыз кыргызстанда. Ошон үчүн келдик. Ал жакта деле жакшы (ред-Өзбекстсан), бирок “бул жакта балдарыбыз кичине кыймылдаса, иш кылса үй-жай кылса жардам болсун” деп көчүп келдик. Балдарыбыз үйлүү болсо биз дагы тынч, жакшы жашайбыз”, -дейт Бекабад айлынын тургуну Бактыгүл Мамашова .

Бактыгүл Мамашованын келини Динара Өзбекстанда төрөлүп, ал жерде турмушка чыгып, кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келе берген. Туулган жерин, ал жактагы балалык күндөрүн сагынат. Бирок бир жылда бир нече жолу барып, ата энесинен кабар алып турат. Чек арага чейинки аралык беш  чакырымды түзөт. Анын үстүнө азыркы абал мурдагыдай эмес. Чек ара бекеттери ачылып, ары-бери өтүүдө эч кандай кыйынчылык деле жок.

 “Бул жакка келгенден бери көнүп  деле калдым. Өзбекстанга эки айда бир барып турам”, -деди Бекабад айлынын тургуну Динара Мамашева.

Жалал-Абаддын Сузак районунун Атабеков айыл округунун көпчүлүк тургундары Өзбекстандан көчүп келип, биринчи ирет кайрылман статусун алышкан. Мында толук кандуу жарандыкка ээ болгон жүздөн ашуун үй-бүлө жашайт. Биринчи көчүп келгенде бул жерлер жөн эле талаа болуп, эч кандай шарт болбогонун айтышат. Эми болсо кадимкидей айылга айланган.

«Биз бул жерге көчүп келгенде 3-4 эле үй-бүлө бар эле. Ошондон  бери бул жерде жолдор оңдолду, 5-6 жыл болуп калды. Суу бар,  элнектр энергиясын тартты, майда таш төктү. Азыр жакшыбыз. Кошуналар менен мамилебиз эң сонун” , -дейт Бактыгүл Мамашова.

“Азыркы мезгилде биздин Атабеков айыл өкмөтүндө Өзбекстандын, этникалык кыргыздардан 150 үй бүлөсү көчүп келди. Аларда эч кандай кыйынчылыктар жок. Бардыгы эле паспорт алган. Өкмөт тарабынан аларга ар кандай жеңилдиктер бар. Жолдоруна шагылдар төгүлүп, таза суу менен камсыз болгон. Электр токтор менен жаны мамычалар тургузулуп, бардык шартар түзүлүп берген”, -дейт С. Атабеков айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Толкун Атабеков.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан кийин элдердин көчүү процесси күч алган. Көпчүлүгү башка мамлекетке орун которуп, Кыргызстандын жарандыгын миңдеген кишилер алган. Алардын басымдуусу кыргыз улутундагылар. Негизи кыргыз жарандыгын алуу түмөн-түйшүктүү маселе.

 “Бул жерде бир нече шарттар бар, себеби улуту кыргыз болсо, же бизге келин болуп түшсө, бир нече жеңилдиктер коюлган. Мисалы, паспорт, туулгандыгы  тууралуу күбөлүк, никелишүү күбөлүгү,  жашаган жеринен аныктама алат да тапшыра берет. Эгерде жеңилдетилген шартка ылайык келбесе, анда жогоруда айтылган документтерге кошумча тил билгени тууралуу аныктама алыш керек. Ошондой эле киреше аныктамасы деп коёт, ушул жерде жашоого шарты бар деген аныктама керектилет”, -деп түшүндүрдү юрист Канат Абдыкеримов.

 “Мыйзам түрүндө жеңилдетилген тартипте төрт ай деп жазылган, а жалпы тартипте алты ай. Бирок практикада бир аз узагыраак убакытта чыгып жатат, бир жылга жетип-жетпеген учурлар бар. Албетте, бардыгы эмес”, -дейт юрист Канат Абдыкеримов.

Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында жарандык алуу үчүн башка өлкөнүн жүздөгөн жарандары президенттин жарлыгын күтүүдө. Ошол эле учурда кыргыз жарандыгын тапшырып, башка өлкөгө кетүүнү каалагандар да жок эмес. Мисалы, 2020 жылдын июнь айында 542 адам кыргыз жарандыгын алса, ошол эле учурда 332 адам баш тартты.

Башка өлкөнүн жарандыгын алуу — бул көнүмүш эле адат. Адам каалаган жерде жашоого укуктуу. Бул жараяндан келип чыккан эң негизги жыйынтык — элдердин достугунун бекем болушу, үрп-адат, маданияттын алмашуусу жана бири бирине болгон сый-урматтын, расмий эмес адамдардын өз ара мамилеси.

Бул материал Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Видеонун мазмуну ”Таиржан Турсуналиев атындагы «Ынтымак» Медиамектеби” Коомдук бирикмесинин жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*