
Быйыл Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында да балдарды биринчи класска кабыл алуу “Мектепке электрондук каттоо” долбоору аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, башталгыч класстарды автоматташтырылган система аркылуу каттоо былтыркыдай эле, 15-февралдан 15-августка чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок шаарларында жүргүзүлөт. Ал эми жаңы кошулган Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларындагы мектептерде 15-апрелден 15-августка чейин улантылат.
Автоматташтырылган система аркылуу балдарды каттоо үчүн, 1-класска барчу баланын ата-энеси http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек. Долбоорго тиркелген ата-энеге биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме келет. Аны алган соң, үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен, мектепке тиешелүү тастыктоочу документтерди бериши керек болот.
Эске салсак, мектепке электрондук каттоо автоматташтырылган системасы 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Тиркеме, балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды минималдаштырып, ата-эненин документ иштерин жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Анын жардамында алгачкы жылы борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган. Былтыркы окуу жылында дагы долбоорго беш шаар кошулган.
Оставьте первый комментарий