
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралдагы басма сөз жыйында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун сотко күбө катары чакыртылышы боюнча комментарий берди. Анын пикиринде, эгерде зарыл талап болсо мурдагы өлкө башчы көрсөтмө бериши керектигин белгиледи.
«А жоопко тартуу, бул өзүнчө маселе, себеби статус бар. Күбө катары чакыртылып атса ким болбосун сотко барып көрсөтмө бериши керек. Күбө катары барбай коюуга эч кимдин укугу жок. Патриот жаранмын десе барсын. Берилген күбө менен ошол кылмыш ишине чекит коюлуп, баа бериле турган болсо, менимче барышы керек».
Зилалиевдин иши
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко чакырылганын, ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотунда ушундай чечим кабыл алынганын 29-январда «Т-Медиага» Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген.
Жактоочунун айтымында, Сооронбай Жээнбеков банктын кутучасында табылган миллион доллардын тек жайы жөнүндө көрсөтмө бериши керек. Зилалиев тергөө маалында «банктан алынган акчалар Жээнбековдун шайлоо кампаниясына даярдалып, кийин экс-президенттин өзүнө тапшырылган» деп көрсөтмө берген. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жээнбеков президент болуп турганда аны суракка чакыра алган эмес.
«Зилалиев кармалганда «Оптима банктын» кутучасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тарап, элдин аң-сезиминде сакталып калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет (УКМК) тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан, аны эч ким суракка алган эмес».
Жээнбеков суракка 3-февралга чакырылганын шаардык соттун басма сөз кызматы да маалымдаган.
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Жыргалбек Бабаев ал сотко барууга милдеттүү эмес экенин билдирген. 29-январда адвокат ушундай маалымат таратып, Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
2-февралда экс-президент Сауд Арабиясына умрага жөнөп кеткен. Жээнбековдун бул сапары 2020-жылдын ноябрь айына пландалган болчу. Бирок пандемия шартында ажылыкка барууга чектөө коюлгандыктан жана расмий чакырууну күтүү зарыл болгондуктан кийинкиге жылдырылган. Жээнбековдун умра сапары 10 күн уланат, ал кайра Бишкекке кайтып келери кабарланды.
Оставьте первый комментарий