
Араван районунда күзүндө жыйналбай калып кеткен сабиздер казылып баштады. Райондук агро өнүктүрүү башкармалыгынын билдиришине караганда, былтыр кар эрте түшкөнүнө байланыштуу түшүмдүн 10%га жакыны жыйналбай калган.
Араванда быйыл биринчи жолу күзгү сабиздер кыштын күнүндө жапырт жыйналып жатат. Анткени былтыр кар эрте түшкөнүнө байланыштуу дыйкандардын көпчүлүгү түшүмүн жыйноого үлгүрбөй калган. Алардын катарында Алижон Розиев да бар:
«Быйыл ушундай болду. Кыш эрте түшүп көпчүлүк дыйкандардын дээрлик жүз пайызыныкы калып кетти. Кар жаабаса мындай калбайт эле. Дыйкандар күзүндө буудай, пияз эгет же картошкага жер даярдашмак. Кудайга шүгүр үшүк албаптыр, жаңы боюнча эле. 35 сотых жеримден 15 тонна сабиз жыйнайм деп ниет кылып жатам», -дейт дыйкан Алижон Розиев.
Дыйкандардын айтымдарында, мурда талаада жыйналбай калып кеткен күзгү сабиздер бирин-серин гана болор эле. Былтыр күздө түшүм арзан болуп, көпчүлүк кымбатташын күтүп жүрүп калды. Эгер, ошондо эле кымбат болгондо жыйнап үлгүрмөкпүз дешет. Дыйкандардын бири Абдуманан Абдураимов буларды айтып берди.
«Сабиздерди күзүндө казып алсак болот эле. Бирок кардар жок. Өткөн жылы көрдүңүз сабиздер 5 сом, 4 сом, 3 сомдон да сатылды. Чыгымды каптабай калат деп бир аз артка сүрүп отуруп суук түшүп сабиздерибиз казылбай калып кетти», -деди Абдураимов.
Расмий маалымат боюнча, өткөн жылы Араван районунда 300 гектарга жакын аянтка сабиз эгилген. Былтыр анын 10%га жакыны жыйналбай калган. Райондук агро өнүктүрүү башкармалыгы мунун негизги себебин былтыр кар эрте түшкөнү менен гана байланыштырат.
«Былтыр эрте суук түшүп, сабиздин көпчүлүк аянттары казылбай калып кетти. Буга байланыштуу быйыл жыйнап жатышат. Мурда деле калчу, дыйкандар «кышта тийбей, эрте жазда сатабыз» деп атайын калтырып койгон аянттар да болчу. Бирок быйыл көп сабиз калды. Азыр казылгандарын базарга алып барып, алдын сатып башташты», -дейт Араван райондук агро өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Нурланбек Кубатов.
Азыр жыйналып жаткан сабиздер жергиликтүү базарда сатыкка чыккан. 5-6 күндөн бери сатуучулар жаңы казылган сабиз деп сатып жатышат. Айтымдарында, быйыл жаңы жыйналган күзгү сабизин алып келген дыйкандар көп.
«Былтыркыга караганда көп келип жатат. Быйыл көбү казылбай калып кеткен да. Эмнеге дегенде кыш эрте келди быйыл. Эми жер жетилип дыйкандар казып алып келип жатышат. Беш күндүн ичинде көбөйө баштады. Былтыркы сабиздер калган эмес. Азыр жалаң жаңы казылгандар келип жатат», -дейт сатуучу Турсунай Кудайназарова.
Дыйкандар жаңы жыйналган күзгү сабизин дүң баада 8-9 сомдон өткөрүп жатышат. Ал эми базарда килограммы 15 сомго чейин сатылат. Кабы менен алганда килограммы 11 сомдон туура келет. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кышында таалаада калып кеткен сабиздер чирип кетип чыгаша болгондор дээрлик жок.
Оставьте первый комментарий