Кар көчкү жүрүшү күтүлөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстандын аймагында 8-февралдан 10-февралга чейин суук түшүп, кар көчкү жүрүшү күтүлөт. Туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка карганда, 10-февралга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунда  кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга сапарга чыгууда этият болуусун эскертип, кыймыл учурунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

Бүгүн таң эрте да Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун Чапчыма ашуусунда болжол менен 6000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолун жабып калган. Учурда жол бир тараптуу ачылып, кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*