Араванда жергиликтүү тургундун үйүнөн баңгизат табылды

Араванда 42 жаштагы жарандын үйүнөн бир килограммдан ашуун гашиш баӊгизаты табылды. Бул тууралуу 10-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Маалыматка караганда, Араван районунун Чек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн салмагы бир кг болгон өзгөчө жыты бар зат табылган. Ага соттук химиялык эспертиза дайындалып, гашиш бангизаты экендиги аныкталды.

Кылмышка шектүү 9-февралда кармалып, Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул окуя боюнча жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иши башталды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*