Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өкмөт башчы дагы бир чечими менен кечээ, 9-февралда мэрликке дайындалган Эрмек Нургазиев боюнча буйругун жокко чыгарган.

9-февраль күнү Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келгени маалым болгон. Бирок бул дайындоо коомчулуктун сынына кабылган.

Кийин президенттин маалымат катчысы билдирүү таратып, шаар мэрин өкмөт башчы дайындай турганын айткан.

59 жаштагы Кудайбергенов Ысык-Ата районунун акими, 2015-2017-жылдар аралыгында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо