«Баарын аял чечет». Айымдардын сабаттуулугу үчүн күрөшкөн устаза
Аялзат адамзат мектебинин алгачкы мугалими. Баары аялдын колунда. Мындай сөздүн арты менен учурда Жалал-Абад облустук казыятынын аялдар бөлүмү аймактарда айымдар менен жолугуп, түрдүү иш-чараларды өткөрүп келүүдө. 2016-жылдан тартып казыяттын аталган бөлүмүнүн өкүлү Гүлсара Каримова миңдеген аялдарга колдоо көрсөтүп, түрдүү сабактарды өтүп жатат. Алардын басымдуусу ислам дининдеги аялдардын орду, үй-бүлө, билим, өзүн өнүктүрүү жана бала тарбиялоого багытталган.
«Чубак ажы Жалилов жана Нематылла ажы Жээнбековдун сунуштары менен Жалал-Абадга келип калдым»


Гүлсара Каримова кесиби боюнча теолог, тарыхчы.Бишкектеги Ислам университетини бүтүргөн. Кийин араб тили боюнча билимин Кувейттен уланткан. Эне тилинен сырткары, орус, араб, англис тилдеринде сүйлөйт. Акыркы 4 жылдан бери Жалал-Абад облустук казыятынын аялдар бөлүмүндө иштеп келет.

«Устаз Чубак ажы "Гүлсара, туулган жериңе барып аялдар менен иштеп келбейсиңби? Ал жакта аялдар радикалдашып бараткандай байкалып жатат" деп калды. Мен макул болуп 2016-жылы облустук казыятка келип иштеп баштадым. Бул жылдар аралыгында ар кандай аялдар менен иштешүүгө туура келди. Бүт облустун алыскы аймактарындагы айылдардан бери кыдырып чыктык. Чынында айымдар кабылган көйгөйлөр жеңил эмес болчу. Мунун баары тар түшүнүктөн, айланасындагы адамдардан болуп келген», — дейт Гүлсара айым.
Башында баары Гүлсара айым ойлогондой болгон эмес. Анткени ар бир жардамга муктаж экени байкалган аял менен сүйлөшүү оңойго турган жок. Ал үчүн Гүлсара айым психолог, теолог кээ бирине эже, айрымдарына курбу болгонго туура келген.
«Жалал-Адабга келгенде аялдарда өтө тар диний түшүнүк бар экенин байкадым. Мисалы, аялдар жүзүбүздү жаап жүрүүбүз керек, андай кийинбеш керек, мындай болбош керек деп гана айтышчу. Анын маанисин, эмнеге андай экенин сурасаң жооп бере алышпайт эле. Кичинекей рамкадагы түшүнүктөрү менен жашашчу. Көп окушпайт болчу. Дүйнөнү ушул өзүнүн үйүнүн, короосунун, айылынын айланасы менен гана чектешкен. Өздөрүнүкүн гана туура кылган аялдар бар болчу».
Бирок Гүлсара айым 4 жыл ичинде көп иштерди аткарганга жетишкен. Айылдарды кыдырып балдарын мектепке жибергиси келбегендердин алдын алган, ИИМ, Дин комиссиясы, өкмөттүк эмес уюмдар менен иштешкен. Жыйынтыгында көп учурда, аялзатынын укугун коргоодо, алардын үй-бүлөсүн сактап калууда, бала тарбиялоо, алардын билим алуусун камсыздоо сыяктуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечкенге көмөктөшкөн.
«Энеси жибербей койгон үч баланы мектепке кайтарганда»
Кененирээк
«Көз алдымда эле
жолдошум башка жамаатка азгырылып кеткен»
Кененирээк
«Баары мыйзам талаасында болуусу керек»
Кененирээк
«Муфтияттын кызматкери эмес адамдын дин боюнча айтканына ишенбөө керек»
Гүлсара Каримова - аялдарды, жалпы эле коомчулукту туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Ал буга чейин күрөшүп, жардам берип келген үй-бүлөлөрдүн көбү бурмаланган маалыматтардан улам ошол жолго кептелгенин айтат.
«Пайгамбарыбыз айтты да "илим талап кылуу мусулман аялга жана мусулман эркекке парз кылынды" деп. Шарият боюнча эркек киши аялдын, билим, илим алуусуна чектөө коюп, үйдө олтургузуусуна акысы жок. Жубайын үйдө олтур деп мажбурлагандар илимсиздер. Эгер шарт болсо, окуп иштеп билим алуу керек. Анткени коомду эне тарбиялайт. Баланын биринчи мугалими - эне».
Ал ошондой эле, дин боюнча сүйлөгөндөрдүн,- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына алынган болсо жана дин - кызматкери деген күбөлүгү болсо гана ишенүүгө чакырат.
«Сакал, мурут коюп молдо болуп, бирок дин кызматкери эмес болсо, бирок ал фатва берип алса бул өтө туура эмес. Беш убак намаз окуса да, дин боюнча билими бар болсо да, казыяттын фатва бөлүмүнө жиберүү керек. Тилекке каршы, мындайлар аялдар арасында да бар. "Андай экен, мындай экен" дей беришет. Бирок " -Кана? Кайсы китептен?" десең жооп бере алышпайт. Мен муфтияттын мөөрү басылбаган китепти эч жерде сунуштабайм. Себеби, анын сөзсүз бир нерсеси болот. Биз билип турсак деле баарыбир казыятка жиберебиз. Себеби,
"-Силердин бул дүйнөдөгүңөргө да акыреттегиңерге да биз жооп беребиз" деп олтурган атайын бөлүм бар. Ошолорго кайрылуу керек
», — дейт Каримова.
Ал учурда онлайн сабактарды да өтүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандык айымдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Алар менен баарлашып олтуруп, Кыргызстандын келечегине, биздеги аял коомчулугунун күн сайын билимге, илимге умтулуп жатканына кубанып келээрин айтат.
  • Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Айдай Беделбек кызынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.