«Көз алдымда эле жолдошум башка жамаатка азгырылып кеткен»
Тогуз жыл жашадык. Башында баары башкача болчу. Жолдошум интеллекти жогору, билимдүү адам болчу. Бир күнү үйүбүздүн жанындагы мечитке барган. Ошол убакта башка чөйрөдөгү орусча жамаат да барып калып сүйлөшүп калышат. 2005-жылы Пакистандан келип ошол туура эмес агым аябай өрчүгөн болчу. Мен башында сүйүнүп жүргөм, эркек адам мечитке барып намаз окуса жакшы да деп. Андан кийин башка дүйнө башталды. Тамак, тиричилик, балдар менен иши болбой калды. Бат-баттан эле дааватка кетчү болду. Башында 3-4 күн жүрүп келсе кийин ал 3-4 айга чейин уланып жатты. Атасына кол көтөрдү, инилерин намаз оку деп сабады. Бир күнү "Сен мени ибадаттан тосуп жатасын, мен мечитте жашайм" деп кетип калды.
Мен терең депрессияга кирип кеттим. Анткени балдарга карабайт, эч кимге кошпойт, ата-энем, жакындарым менен да катташтырбай койгон. Бир күнү "Илим окубайм, узтаздарың дааватка чыкпагандан кийин аларың кафур. Даватка чыксан сен адамсын, болбосо узтазачылыгыңдын кереги жок" деди. Мен бул адамдын идеологиясын түшүнбөй калдым. "Үйдө эч нерсе жок болсо да, иштебесең да Алладан сура, ал берет" деди. Ошентип жүрүп кызым ооруп калды. Ал болсо ошол убакта "Врачтын айтканына ишенип жатасыңбы?" деп машинасын сатып чет өлкөгө дааватка кетип калды. Бул учурду мен эч бир адамга каалабайм. 3 балам менен көчөдө калдым.
Депрессиядан араң чыктым. Кийин өзүмдү колума алып, буга чейин алган билимимдин жардамында медреседе, аялдар маданий борборунда иштедим. Тарбиячылыктан баштап, жетекчинин орун басары, директорлукка чейин жеттим. Ошондуктан, карапайым элдин мусулмандышап келе жаткан аялдарын жакшы түшүнөм. Светтик радикалдашуунун карапайым эл арасындагысын да жакшы билем.
Башкалар үчүн да сабак болор. Мындайга кабылган биздин үй-бүлө бул Кыргызстандагы бир эле учур. Ушул жол себеп болуп кыйынчылыкка туш болгон аялдар толтура болду. Биз мындай кырдаалдарга башка жамаатка азгырылууга 2005-жылдары кабылсак, Кыргызстанда 2016-жылы тыюу салынды. Бул тыюуу салынган таблиги жамааты. Балдарымдын атасы ошол топтон болуп калды. Мен ал жамаатты жаман дебейм, бирок өздөрү далилдеп жатышпайбы. Таблиги кийин Якын ынкар тартипсиз жамаат деп бөлүнүп калбадыбы. Мен ошол жолдошумду байкаган учурда эле муфтиятка кабар бердирткем.

Ханафий масхабы матрудийди түшүнбөйт. Акыйда окубаса ар кандай агымдарга азгылырып кете берет. Себеби, буларың муфтиятты уруп ойнобосо, узтаз түшпөй жатса, Бангладеш, Индияны айтып жатса байкайсың да. Арыз менен далай жолу кайрылгандар болду. Мамлекеттик комиссияга бара алышпаса да муфтиятка мындай арыздар толтура барган да. Анан муфтиятта аялдар бөлүмү олтуруп иштебейт. Ошондуктан аялдар бул көйгөйүн ачык айтып эркектерге кайрыла алышпай келген.

Илим талап кылуу мусулман аялга, мусулман эркекке парз кылган. Андан бери узтазалык кылып келе жатам. Ошондуктан мындай учурду өз көзүм менен көргөн үчүн мен башка аялдарга, үй-бүлөлөргө каалабайм. Алардын туура түшүнүк алуусун, көп билим алуусун, туура жол менен жеңил жашашын тилейм. Бардык адамдарга жардам колун сунгандан, бар билимим менен бөлүшкөндөн тажабайм.