Ош: төрт ай мурун карызга салынган жол жазга жетпей талкаланды

Ош облусунун Араван районунда жаңы салынып жаткан жол бузула баштады. Былтыр сеннтябрда Ош-Араван жолунун бир чакырымына асфальт төшөлгөн. Бирок төрт айдан кийин талкалана баштаган. Асфальттын биринчи катмары гана төшөлүп, жол убагында толук бүтпөй калып кеткен. Анын себебин Жол тейлөө мекемеси мамлекеттен каражат бөлүнбөй, карызга бүткөнү менен түшүндүрүүдө.  

“Азыр жолдун 16-17- чакырымында ушул көйгөй болуп атат. Асфальт төшөө иштери 2020-жылдын сентябрь айынын аягында, октябрдын башында жүргөн. Ал жерге эки катмар асфальт болуш керек эле. Биринчиси — 6 см, экинчиси — 5 см. План бекитилип, мамлекеттен жети жарым млн. сом каралган болчу. Бирок март айындагы коронавирус пандемиясынан улам токтоп калганбыз. Жол шагыл боюнча калып, элдер нааразы болгондуктан оңдоп коёлу деп аракет кылдык. Бирок азыр кайра кыйын акыбалга түшүп турабыз», —деди №44 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Абдырахман Алибаев.

Жолду №44 Араван районунун Жол тейлөө мекемеси куруп жатат. Ишкананын жетекчилигинин айтымында, асфальт басууга пандемияга байланыштуу каражат бөлүнбөй калган. Мындан улам биринчи катмарын мекеме компаниялардан карызга материал алып куйган. “Байкан” фирмасынан 72 тонна битум, “ЦСК” фирмасынан 27 тонна күйүүчү май алышкан. Аны 2021-жылдын май айында төлөп берүүгө макулдашуу болгон.

“Бул жолго мамлекет тарабынан былтыркы жылы эч кандай акча каралбай калды. Биз 72 тонна бетон, 27 тонна солярка алып, Ош-Сары-Таш- Эркештам башкармалыгы өзүнүн заводунан асфальт чыгарып, техникаларды кошо берип биринчи катмарын басканбыз. Бир катмар гана асфальт төшөлүп калгандыктан күч келип, ушул абалга келип турат»,-деп кошумчалады Алибаев.

Алибаевдин айтымында, асфальт кар жана жамгыр жаагандыктан бузулган. Эми калыбына келтирүү иштерине жана экинчи катмарды куюуга ишкана өкмөттөн 10 млн. сом сураган. Аталган каражат карызга да жумшалат. Ал ошондой эле жол толук бүтпөгөндүктөн анын сапатын текшерүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга (Экотехинспекция) маалымат берилбегенин билдирди.

Ош-Араван жолу бузулуп, айдоочуларга тоскоолдук жаратып жатканы тууралуу видеону 12-февралда иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков «Инстаграмм» баракчасына жайгаштырган. Анда «Курулганына үч ай болгон жол учурда талкаланып жоголуп жатат. Кыштагы кар менен кошо эрип кетип жатабы?»-деген журналист жолдун абалын көрсөткөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*