
Кыргызстанда Covid-19 инфекциясынан улам пайда болгон кыйынчылыктардын кеминде бирине кабылган үй чарбалардын 76%га жакыны жабыркады. Бул көрсөткүч Улуттук статистика комитетинин ЮНИСЕФ менен бирге 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларына жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Аталган сурамжылоого 3869 үй-бүлө катышкан. Маалыматка караганда, алардын 86%дан ашыгы 17 жашка чейинки, дээрлик ар бир экинчиси 5 жашка чейинки балдары барлар. Бул үй-бүлөлөрдүн 76%га жакыны Covid-19дун жайылып кетүүсүнөн улам жаралган кыйынчылыктардын кеминде
бирине дуушар болгон.
Жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 20%дан ашыгы COVID-19га байланыштуу эмоционалдык абалы начар болгонун белгилешкен. Шаарларда ар бир төртүнчү жана айыл жергесинде дээрлик ар бир алтынчы үй-бүлө пикир келишпестиктерден улам тынчсыздануу, коркууга кабылган.
Ошондой эле, жабыр тарткан үй чарбаларына онлайн окутуу процесси да өз таасирин тийгизген. Сурамжылоого катышкан ата-энелердин 78%ы төмөнкү себептерден улам аралыктан окутууга канааттанбаганын билдиришкен:
- Балдардын сабакты начар түшүнүүсү;
- Интернеттин сапаты;
- Окуучунун ТВ сабактарын көрүүгө жетишпей калуусу;
- Интернетти же мобилдик байланышты төлөөгө каражаттын жетишсиздиги;
- Видео сабактардын сапатынын начардыгы;
- Электр жарыгынын өчүүсү.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы учур өткөн жылдын март айында катталган. Андан бери COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 85 772 кишиге жетти. Анын ичинен 82 583 киши айыгып чыгып, 1450 адам каза тапты.
Эпидемия өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизип, 2020-жылы республиканын ИДП көлөмү 8,6% га төмөндөдү. Былтыр инфляция 9,7% га жеткен. Ал эми тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктарынын баасы 18,5 пайызга жогорулады. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча калктын акчалай кирешелери 5% га төмөндөгөн.
Пикир калтыруу