Ошто пневмониядан каза тапкан балдар көбөйдү деген маалымат — фейк

Ош шаарындагы “Кайырма” көрүстөнү

18-февралда Ахрор Иминов аттуу “Фейсбук”колдонуучусу Ош шаарына жакын жайгашкан көрүстөнгө акыркы күндөрү пневмониядан (өпкөнүн кагынышы) каза болгон балдар көп коюла баштаптыр” деген өңүттө пост жарыялады. Анда бир жуманын ичинде эле 20 өспүрүм жерге берилгени айтылат. 

Аталган комментарий социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктеринде жайылып кеткен.  

Мындан улам “Т-Медиа” маалыматтын чын-бышыгын териштирип көрдү. 

Биздин редакция Икрамов айткан Ош шаарындагы “Кайырма” деген аталыштагы көрүстөнгө барып көрдү. Он гектарга жакын жерди ээлеген мүрзөдө биз барган учурда дагы бир жаңы жай казылып жаткан экен.

Ош шаарындагы “Кайырма” көрүстөнү

Көрүстөндө 25 жылдан бери кароолчу болуп иштеген Саипжан Маткаримов пневмониядан көз жумган балдар көп катталып жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, акыркы жолу былтыр декабрда төрт айлык ымыркайдын сөөгү жерге берилген. Андан бери балдар үчүн жаңы жай казыла элек.

Ковидден же пневмониядан каза болуп келген балдар жок. Мен ар бир сөөктү аныктама менен көмөм. Анан баарын топтоп, конторага (ред- Ош шаарындагы жарандарды тейлөө бюросу) тапшырам” -дейт Маткаримов.

Биз андан ары мүрзөнү өз алдыбызча кыдырып көрдүк. Жаш балдардын сөөгү коюлган жайлар чоңдор менен аралаш эле жайгашкан — балдар үчүн жаңы казылган же казылып жаткан жерлерди жолуктура алган жокпуз.

Ал арада пандемия башталган март айынан бери калаадагы көрүстөндөргө бир да баланын сөөгү келип түшпөгөнүн Ош шаарындагы жарандарды тейлөө бюросу маалымдады. Мекеменин директорунун орун басары Барчын Кадыров шаарга караштуу 13 көрүстөндүн жетөө толуп калгандыгына байланыштуу калгандары гана иштеп жатканын билдирди. 

“Ошолордун ар бириндеги жай казган балдарга чалып “ Февралда жаш балдар, мектеп окуучусун койдуңарбы” деп сурап чыктым. Жаш балдар жок экен, жалаң чоң кишилер коюлуп жатыптыр. Менимче, бул жалган эле маалымат болуш керек”.

Калаадагы Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматовдун “Т-Медиага” билдиришинче, 2021-жылдын январь айында шаарда 356 баладан ар түрдүү жугуштуу дарттар катталган. Алардын ичинен 98ине пневмония диагнозу коюлган, арасынан чарчап калгандар болгон эмес.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу балдар арасында пневмония менен ооругандар аз. Январь-февраль айларына карата бир да бала пневмониядан өлгөн жок. Жылдан-жылга салыштырмалуу пневмониядан көз жумгандар азайып келатат. Учурда ооруканада 52 бала пневмония диагнозу менен жатат. Бейтаптадын абалы орто оор деп бааланууда. Пневмония — жыл сайын күз, жаз айларында козголчу бактериялык оору болуп эсептелет», — деп айтты Бакай Акматов. 

Облус боюнча абал 

Ош шаарындагы балдар облустук ооруканага да кайрылышат. Ошол себептүү аталган бейтапканадан да маалымат тактадык. Ош облустук балдар ооруканасынын директорунун биринчи орун басары Адилбек Алимкуловдун билдиргенине караганда, жыл башынан бери (2021-жыл) пневмониядан үч бала ажал тапкан. Алар Ноокат, Кара-Суу райондорунан жана бирөө Баткен облусунан келгендер. 

Азыр ооруканада 112 бала ушул илдет менен дарыланып жатат. Анын ичинен бешөөнүн абалы оор болсо, дагы үчөө жандандыруу бөлүмүнө алынган. Алимкулов өткөн жылдарга караганда пневмонияга кабылгандардын көрсөткүчү быйыл азыраак экенин кошумчалайт. 

“Бейтаптардын басымдуусу бир жашка чейинкилер. Ош шаарынан, Кара-Суу, Аравандан келгендер көп. Андан сырткары Жалал-Абад, Баткен облустарынан да кайрылышат. Жети баланын ичинен үчөө жүрөктүн туубаса кемтик оорусунан, үчөө пневмониядан, бирөө сепсистен (канга микроб түшүп калат) каза болушту. Учурда райондордо абал туруктуу, баарынан маалымат алдык”. 

Министрликтин жообу 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги да “Ош шаарында балдар өлүмү көп катталууда” деген кабарды төгүндөдү. Министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын маалыматына караганда, Кыргызстанда өпкөнүн кагынышы менен ооругандардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу азайган. Бул көрсөткүч балдар арасында жана чоңдордо да байкалган. 

“Соцтармакка ушундай маалымат чыгып кетти. Бирок бул жалган. Кечээ күнү эле Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын координатору менен байланыштык. Январда кайрылган 356 баланын баары бүгүнкү күндө айыгып, үйлөрүнө чыгып кетиптир. Статистика боюнча өлкөдө 2020-жылы пневмония менен ооругандардын саны 2019-2018-жылдарга салыштырмалуу  эки эсе аз. Жаз, күздө вирустук инфекциялар күч алат. Ушул маалдарда сасык тумоо көбөйөт. Жаш балдарда грипп өөрчүп кетсе, пневмонияга өтүп кетиши мүмкүн. Ата-энелер да санитардык эрежелерди сактаса жакшы болмок”, -дейт министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Жыйынтык: 

Ошто пневмониядан каза тапкан балдар көбөйдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. 2020-жылдын март айынан тарта Оштогу көрүстөндөргө бир да баланын сөөгү келип түшкөн эмес. 

Автор Жылдыз Орозматова 73 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*