Коронавирус 44 кишиге жаңы жукту, оорудан каза болгондор жок

Коронавируска каршы республикалык штабдын 22-февралга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан каза болгондор катталган жок. Соңку бир күн ичинде коронавирустан 47 адам айыкты. Анын ичинен төртөө — медицина кызматкерлери.

Ал эми акыркы суткада ооруга 44 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Илдет жуктургандардын басымдуусу Бишкекте– 25 адам, Чүйдө –9 адам. Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында экиден адам, Ош шаарында — 3 жана Нарында бир киши коронавирус илдетин жуктурган. Баткен облусунда илдет катталган жок.

22-февралга карта стационарда 409 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 8 адам — канааттандыраарлык, 264 адам — орто оордукта, 100 адам — оор абалда, 24 адам — өтө оор абалда. Ал эми 303 бейтап үй шартында дарыланууда.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 929 адам чалдыгып, 82 803 адам сакайды. 1458 адам каза болду.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4320 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо