Кыргызстанда диний билим берүү жаңыланууда

Түшкү саат бир жарым, намаз убактысы. Оштогу Имам-Аль-Бухари Алай мечити. Бул жерге күнүгө жүздөгөн адам келип беш маал намазга жыгылып, борбордук мечиттердегидей эле жума намаздар жана айт намаздар окулуп келет.

Ош шаарынын казысынын орун басары Мирлан Токтомушевдин эң негизги вазыйпасы — бул шаардагы имамдар менен биргеликте тыгыз иштөө. Учурда дин кызматкерлеринин билим сапатын жогорулатуу максаттуу болуп турган чагы. Кадимкидей эле жамаат менен намаз окуу, нике кыюу, жаназа окуу, дем салуу менен гана чектелбестен, коомдогу болуп жаткан ар кандай көрүнүштөргө дин жаатынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Токтомушев ал үчүн имамдар диний илимдерден сырткары коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөрдү терең изилдеп, жаңылыктардан артта калбашы керек деген пикирде.

«Биздин диний кызматкерлер дагы өз ара изденүү менен аракеттенишет. Ар бир мечиттин имамы сөзсүз түрдө өз жоопкерчилигин сезип, илимге жана жаңы билим алууга аракеттенет. Биз ойлойбуз, азыркы күндө алар талапка жооп бере турган деңгээлде күндөн-күнгө дарамети өсүп жатканы байкалууда».

Азыркы убакытта ааламдашуу процесси, технологиялардын өнүгүүсү, социалдык тармактардын жардамы менен маалыматтын бат таралышы диний таалим берүүнүн да усулдарын өзгөртүп жатат. Мурда диний билим басымдуу хужураларда же медреселерде берилип, анда Ислам принциптери менен Куран гана үйрөтүлсө, азыр таптакыр башкача.

Экстремизм деген эмне? Дүйнөдө Ислам дининен башка дагы канча диндер жана агымдар бар? Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде билим алган Бактыяр Пратов бул суроолорго жоопторду билет. Кичинекейинен мугалим болом деп кыялданган бул жигит, өзүнүн өмүрүн динге багыштап, келечекте чоң илимпоз теолог болсом дейт.

«19-кылымдан бери илимий-техникалык революция болуп, ааламда өтө тездик менен өнүгүү болуп жатат. Дүйнөнү маалымат башкарып калды. Социалдык медиалар деле өнүгүп баратат. Ушундай шартта теолог техникалык жана экономикалык өнүгүүлөрдөн кабардар болуп, ошону менен катар руханий  жандык болгондуктан түпкү руханий баалуулуктар менен да сугарылышы керек».

Ал эң негизгиси билим алууда бул жаңылыктарга көңүл буруп, айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү менен биргеликте өнүгүү деп эсептейт.

«Европа өлкөлөрүндө, Түркияда маданияттар аралык диний плюрализм деген сабактар кирип жатат. Азыркы учурда урбанизация болуп, шаардашып, көптөгөн маданияттар бир ортого чогулуп калган. Ошол эле учурда илимий түрдө ар бир динди баалоодон жана сыноодон узак болуп туруп, аларга объективдүү маалымат сунуп, келечекте жаштар аны анализдеп, синтездесе бул нерсе адамдар үчүн жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн маанилүү деп ойлойм».

Биз студенттерге «Келечекте дин окуусу кандай болуусу керек?» деген суроо менен кайрылып көрдүк.

«Келечектеги дин кызматкери сөзсүз түрдө табигый так илимдерден маалыматы бар, бардык билимдерден комплекстүү түрдө маалыматка ээ болуусу керек. Анткени биз ишеним жаатын түшүндүрүп кеткенде, сөзсүз түрдө илим-билим менен жолго чыгышыбыз», -дейт Теология факультетинин студенти Ильяз Алиев.

«Исламдын жалпы баалуулуктарын алып, ошолорду пайдаланган теолог болуш керек. Бир эле Ислам эмес, себеби дүйнөдө баары эле мусулман эмес, башка диндин өкүлдөрү да бар. Бардык диндер өзүнүкүн туура деп айтат, бирок баарынын орток өзгөчөлүктөрү да бар. «Ошонун баарын камтыган адамбыз» деген ураан менен жашаган теолог болсо, бир тараптуу эмес, мындайча айтканда универсалдуу болуш керек. Мен теологдорду ошондой болсо экен деп элестетем», -дейт факультеттин дагы бир студенти Бегайым Болотбек кызы.

Окуу жайдын мугалимдери ар бир сабактын методикасынын өзгөрүүсү заман талабы деп эсептешет. Буга мисал, мурда окутулбаган дин социологиясы, дин психологиясы, дүйнө диндер тарыхы аттуу сабактарды айтса болот. Теология факультетинин окутуучусу Өскөнбай Зууридинов буларды айтып берди:

«Алгач диндер тарыхы деген сабак кирет. Мында жалпы эле диндер тарыхы жөнүндө маалымат алышат. Ар бирин өз-өзүнчө, аралыштырбайт. Ал эми салыштырмалуу диндер тарыхы деген предмет 2-курста өтөт. Мында мурда окуган диндерди жана феномендерди салыштыруу түрдө окушат. Теология факультетине жаңы тапшырган студенттер диндердин тарыхы тууралуу маалыматы жок болгондуктан мындай маалыматтарды алгач жатыркоо менен кабыл алышат. Биз бул сабакты эмне үчүн окуйбуз жана кандай пайдасы бар деп ойлошот. Ал эми жылдын аягында ошентип айткандардын пикири өзгөрүп, «биз демек башка диндер тууралуу да маалыматка ээ болушубуз керек же керек болсо Исламды да, коомду да түшүнүүдө бизге пайдасы бар экен» деп калышат».

2014-жылдын 14-ноябрындагы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» бекитилген. 2015-жылдын 9-июлунда өкмөт аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекиткен. Аталган план 63 пункттан туруп, ар бир жылга карата алдыга коюлган тапшырманын негизинде кызыкчылыгы бар мамлекеттик органдар, диний жана коомдук уюмдар менен бирдикте ишке ашырылмак.

Аталган концепция өз максатына жеттиби же жокпу, аны дин жаатындагы серепчилер талдашат. Бирок  дин кызматкерлери азыркы күндө ушуга окшогон дагы бир расмий документ керектигин айтышууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4321 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо