ӨКМ: унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстанда 22-февралдан 26-февралга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайынан улам унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бур тууралуу бүгүн 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, өлкөнүн тоолу аймактарында кар күрткүсү күтүлөт жана жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертти. 

Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:

  • Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдары;
  • Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары;
  • Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымы;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкеси жана Кара-Гоо ашуулары.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*