Коронавируска каршы вакцинанын тукумсуздукка алып келери — фейк

Вотсап группаларда COVID-19га каршы вакцинанын кооптуулугу тууралуу маалыматтар тарады. 

Биздин редакция бул маалыматты текшерди.

Министрликтин жообу

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова өлкөгө келе турган ар бир вакцина узак убакыттагы процесстен кийин гана ДССУнун сунушу менен бериле турганын айтат.

«Биз азыр атайын механизм менен ала турган вакциналарды баарынын келген документтерин карап чыгып жатыбыз. Учурда кээ бир вакциналарды колдонуу интернетте деле баарына жеткиликтүү болуп калбадыбы. Бирок биз алардын интернеттен карап чыкпайбыз, ал ыкма менен колдонбойбуз. Биздин саламаттыкты сактоо министрлигине атайын Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюмунан сунуштама берилип, алар менен иштешебиз. Расмий сунуш менен гана алабыз. Мындан сырткары, бизде илимий техникалык эксперттерден турган атайын группа бар. Алардын курамында профессорлор, доцент, кандидаттардан турган 13 эксперт иштейт. Алар вакцинанын баарын эффекттерин, фармакологиялык курамын, коопсуздугун карап министрликке айтат. Азыр бизге Pfizer, астразенега келген. Спутник каралып жатат. Жөн эле бере берилбейт вакцина. Баары көзөмөлдө. Жарандар тукумсуздук боюнча, дагы башка ар кандай маалыматтарга ишене бербеш керек. Вакцина ДССУдан өтөт, бизден көзөмөлдөнөт, анын зыяндуулугу интернетте тарап жаткан маалыматтарга дал келбейт», — дейт Гүлбара Ишенапысова.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмне дейт?

Учурда ДССУда COVID-19 үчүн 169дан ашуун вакцина иштелип жатат, анын ичинен 26 вакцина клиникалык сыноолордон өтүүдө.

Коопсуз жана натыйжалуу вакцина иштелип чыккандан кийин, COVAX механизми (ДССУ, GAVI Альянсы жана CEPI коалициясы жетектейт) бардык өлкөлөрдө адамдарды коргоо үчүн камсыздалат. Эң биринчи тобокелдикке кабылган адамдар эмделет.

Бүгүнкү күндө Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (WHO) өзгөчө кырдаалда сатып алууларга бекитилген вакцинанын катарына AstraZeneca аттуу Оксфорд Университетинин эки вакцинасынын вариантын кошту. Бул тууралуу ДСУнун сайтына ушул жылдын 11-февралында жарыяланды. Анда ДСУ COVID-19 вакциналарынын сапаты, коопсуздугу жана эффективдүүлүгү баалангандан кийин гана уруксат бериле турганы айтылат. Азырынча олутттуу зыяндуулугу каттала жана айтыла элек. Алардын арасында тукумсуздук тууралуу маалымат жок.

Жыйынтык: Коронавируска каршы вакцинанын зыяндуулугу айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Вакцина ДССУнун сыноолорунан кийин гана колдонууга сунушталат.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4321 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо