«Зордукталганы тууралуу корутундуну сатууга аракет кылган». Араванда соттук-медициналык эксперт кармалды

Ош облусунун Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн К.С. аттуу кызматкери өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу корутундуну берүү үчүн анын жакындарынан сый акы талап кылуу фактысы менен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн 22-февралда ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 18-февралында жергиликтүү тургун, соттук-медициналык экспертизанын кызматкери мыйзамсыз акча талап кылып жаткандыгын милицияга маалымдаган. Анын арызында шектүү, өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу экспертизанын жыйынтыгын берүү үчүн алгач 1100 сом акча алып, кийин дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылганы айтылат.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Жазык Кодексинин 238-беренеси менен (мыйзамсыз сый акы алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ыкчам тергөө жүрүп жаткан мезгилде, аталган кызматкер талап кылган акчаны алуу үчүн жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга өзүнүн таанышын жөнөткөн.  Натыйжада, кызматкер шериги менен бирге камакка алынды.

ИИМдин маалыматында, аталган соттук-медициналык эксперт мурда дагы ушундай укукка каршы аракети үчүн жоопкерчиликке тартылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 58 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо