Быйыл студенттердин эң көбү педогогика тармагына тапшырды. Инфографика

2020-2021-окуу жылында Жогорку кесиптик окуу жайлардын 1-курсуна кабыл алынган студенттердин эң көбү мугалимдик кесипти тандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргызстанда жалпы 57 жогорку кесиптик окуу жайлары бар. Быйылкы окуу жылында 214 миңден ашык студент 1-курска кабыл алынып алардын 16 миңге жакыны педагогика тармагына тапшырган. Ошондой эле, медицина, гуманитардык жана социалдык адистиктер жана экономика тармагына болгон  суроо-талап жогору экендиги байкалган.

ЖОЖдордо студенттер арасында суроо-талап жогору болгон кесиптер:

Бул сандар 2016-2017- окуу жылына салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине тапшыргандар дээрлик 3 жарым эсе, медицина 2 жарым эсе, гумманитардык жана социалдык адистиктерине кабыл алынгандар дээрлик эки эсеге өскөнүн көрсөттү.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1435 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*