
Студенттер төлөгөн контракттын төрттөн үч бөлүгү мугалимдердин айлыгына жумшалат.
Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын студенттери контрактты 50%га чейин түшүрүүнү талап кылууда. Мунун себебин алар коронавирус пандемиясынан ата-энелер да, студенттер да жабыр тартып, чоң сумма төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктугу менен түшүндүрүүдө.
15-февралда онго жакын студент Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгышты. Анда бир жыл бою үйдө онлайн окушканын, окуу жайдын жетекчилиги менен министрлик бул маселеге көңүл бөлгүсү келбей жатканын айтышкан.
Нааразы болгондорду министрдин орун басары Нурлан Омуров кабыл алган. Анын айтымында, пандемия учурунда ЖОЖдор окуу акысын 10-15%га чейин төмөндөткөн. Бул өз кезегинде 117 млн сомду түзгөн. Андыктан пандемия учурунда жогорку окуу жайлар студенттердин окуу акысын арзандатпай койду деген орунсуз.
Студенттер көйгөйүн “Фейсбук”, “Инстаграм” жана “Телеграм” аркылуу да жарыялашкан. Талаптарын “STUDENTS KG” жана “STDNT.KG” деген канал, баракчаларга жайгаштырган.
Аталган топтун мүчөлөрү окуу жайлардын ректорат, деканат жана мугалимдери тарабынан куугунтук болгонун айтышууда.
Фамилиясын сыр бойдон калтырууну суранган Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин студенти Шайыр пандемия башталгандан бери ар бир үй-бүлөдө кыйынчылык болгонун, ата-энелер жумушунан айрылганын билдирди. Ошондуктан да окуу акысын төлөөгө көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү жетпейт.
“Пандемияда көп ата-энелер ишин жоготту, кирешеси азайды. Ага мейли деп көз жумсак, онлайнда кыйратып окуу болгон жок да. Карантин маалында билим берүүнүн сапаты аябай түшүп кетти. Биз ошондо абага акча төлөп калабызбы? Кээ бир мугалимдер өздөрүнө бөлүнгөн убакта сабак өткөндүн ордуна, түнкү саат 11-12де жазгандар болду. Мисалы, сентябрдан бери биз эки сабакты таптакыр өткөн жокпуз. Мугалим ким экенин билбейбиз. Бизге деканат тарабынан чалуулар болуп, “окуудан айдайбыз” деген коркутуулар болду. Дагы бир маселе университетте китеп, компьютер жетишпейт. Негизи контрактын 50%ы ошолорго жумшалыш керек да. Биз төккөн окуу акыны университеттер иштетпегендей эле болуп жатат”, —дейт Шайыр.
Аталган студенттер тобунун координаторлорунун бири Милана маселе 2020-жылдын сентябрынан бери көтөрүлүп келе жатканын белгилейт. Учурда бирикмеге өлкөдөгү 30дай окуу жайдан 5000ден ашуун студент кошулган.
“Билим берүү министрлигине расмий түрдө кат менен кайрылганбыз, аныбызга декабрда жооп алдык. Анда студенттердин келишим акысынан түшкөн каражатынын жарымы окутуучулардын маянасына, калган жарымы окуу жайын камсыздоого жумшалат деп көрсөтүлүптүр. Тырмакчанын ичинде дистанттык окутууга керектүү ноутбуктарга, интернетке ж.бга жумшаларын мисал келтиришиптир. Бирок бул үчүн жалпы бюджеттен 5 млрд. сом бөлүнүптүр, интернетти болсо байланыш операторлору мугалимдерге акысыз берген. Пандемияда ата-энелер жумушсуз отурду, керек болсо жеп-ичкенге акча таба албай калгандар болду”.
Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев 13-январда «Биринчи радиого» маек куруп жатып, окуу акысын арзандатуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Кийин министрликтин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз байланышта да ушул темага токтолгон.
«Окуу акысын азайтуу университеттин казынасына сокку болот»
Ушул эле күнү министрдин орун басары Нурлан Өмүров, финансылык башкармалыктын жетекчиси Акыйкат Баймуратова жана бир нече окуу жайынын жетекчилери контракт маселесине байланыштуу басма сөз жыйын өткөрүп, түшүндүрмө беришти.
Министрликтин финансылык башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова анда мындай деген:
“2020-жылдагы бюджеттен Билим берүү министрлигине баш ийген окуу жайларга 5 млрд. 108 млн. 600 миң сом каражат каралган. Анын ичинен гранттык негизде окутулган студенттерге каралган акча — 589 млн. 700 миң сом. Ал эми атайын каражаттар (контрактын акчасы) 4 млрд. 518 млн 800 миң сом. Башкача айтканда жогорку окуу жайларды каржылоо булагынын негизи болуп контракттык каражаттар саналат. Министрлик жогоруда айтылган себептерден улам билим акысынын пайызын төмөндөтүү туура эмес деп эсептейт. Анткени ЖОЖдордо сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөш керек, өркүндөтүлгөн техникалык базасы болуш керек. Бул компоненттердин баары окуу акысынан келип түшкөн каражаттарды талап кылат. Окуу акысын азайтуу ар бир университеттин казынасына да сокку болот. Мындан сырткары университеттин окутуучусу пандемия маалында үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болуп саналат. Биринчи жарым жылдыкта студенттердин сунушун эске алып, контрактын мөөнөтүн узартып бергенбиз”.
Окуу жайлар эмне дейт?
Ош шаарында студенттердин саны боюнча сап башында турган ОшМУ келишим акыны дээрлик эки эсе төмөндөтүүгө таптакыр мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Аталган окуу жайда билим берүүнүн 95%ы контракттык негизде жүргүзүлгөнү менен бюджетинин негизги өзөгү келишим акыга көз каранды. Пандемияда ата-энеге келишим акыны төлөө оор дегени менен, окуу жай үчүн да жеңилдик берүүгө мүмкүнчүлүк жок. 2020-2021-окуу жылында ОшМУ эки миңден ашык студентине төлөмдүн мөөнөтүн жылдырып берсе, ал эми социалдык жактан аз камсыз болгон миң балага жеңилдик берген.
“ЖОЖдор студенттердин каражатынын эсебинен гана жашайт. Аларга билим берип, ошону менен гана айлык алабыз. Бизде башка киреше жок. 50 пайыз түшүргүлө дегенге макул боло албайбыз, себеби 2016-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Биз 2219 студенттин төлөмүн (107 млн. сом) жылдырып бердик. Бул деген эки же үч ай убакыт созуп бердик деген сөз. Андан тышкары социалдык жактан муктаж миң балага 7 млн сом жеңилдик бердик. Студенттерге онлайн сабак жеткириш үчүн мугалимдер университетке келип отуруп, лекцияларды, презентацияларды даярдап, кайра эле интернет аркылуу балдарга жеткирүүгө аракет кылып жатышты да. Ошол маалда интернетке чыгымдарыбыз көбөйүп кетти. ОшМУ 95% өзүн-өзү каржылайт. Мамлекет бюджеттик орундар үчүн беш пайызын камсыздап берет”, —дейт окуу жайдын юристи Замир Пусуртегин.
Студенттин окуу акысы эмнеге жумшалат?
Ата-энелер жана студенттер онлайн окутуу форматында ЖОЖдордо чыгаша дээрлик болгон жок деп эсептешет. Ошол себептүү да келишим акыны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып жатышат. Мындай суроолордон улам Билим берүү министрлиги менен жогорку окуу жайлар контрактын эмнеге жумшаларын эсептеп чыккан.
15-февралда премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт онлайн окуган студенттердин контрагын түшүрүү маселесин карап жатканын маалымдады. Анын айтымында, контракты түшүрүү маселеси жакынкы аралыкта чечилет.
“ЖОЖ жетекчилери буга чейин студенттердин келишим акысын карап чыгып, аны 1000 сомго арзандатуу мүмкүн экенин билдиришкен. Биз ага макул эмеспиз, ошондуктан башка жолдорун карап жатабыз”, — деген өкмөт башчы.
Коңшу өлкөлөрдөгү абал
Былтыр август айында «Азаттыктын» өзбек кызматы «Телеграмдагы» түрдүү топтордо студенттердин нааразылыгы күчөп жатканын кабарлаган болчу. Анда жаштар өкмөткө пандемия шартында ЖОЖдордо окутуу акысын төмөндөтүүнү талап кылышканы айтылган.
Студенттердин нааразылыгынан улам өлкөнүн Финансы министрлиги жана Жогорку, орто окуу жайларында билим берүү министрлиги жогорку окуу жайлардын окутуу акысын 10%га азайтуу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары окуу жайларына жетимдерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү жана социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге каржылык жардам көрсөтүү милдеттендирилген.
Ал эми Казакстандын Билим берүү министрлиги да дисттанттык окутуу уланганы менен ЖОЖдордо окуу акысы арзандабай турганын билдирген.
Жыйынтык: Окуу жайлардагы контракттын баасын азайтуу казынасына сокку урат, себеби студенттерден жыйналган сумманын 76%ы мугалимдердин айлыгына сарпталат.
Оставьте первый комментарий