Кара-Сууда мал уурдаган топ кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 21 баш мал уурдаган төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

20-февралда Кара-Суу районун Шарк айыл аймагынын тургуну милицияга мал уурулук боюнча арыз менен кайрылган. Анын негизинде шектүү катары Кара-Суу районунун 34 жана 30 жаштагы эки тургуну Ош шаарынын 26 жаштагы жана Базар-Коргон районунун 37 жаштагы тургундары кармалган.

Маалыматка караганда бул кылмыштуу топ Өзгөн районунун аймагында эки мал уурулук, Кара-Суу районунунда беш, Ош шаарында бир турак жайда уурулук кылгандыгы жана 21 баш жандык уурдагандыгы аныкталган. Натыйжада жабырлануучуларга  200 миӊ сомдон ашуун зыян келтиришкен.

Шектүүлөрдүн бири Базар-Коргон районунун М.У аттуу тургуну мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ал 2020-жылдын 07-июлунан баштап ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган.

Алар 23-февралда Жазык процесстик Кодексинин 98,99-беренелеринин негизинде Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда мындан башка да кылмыштары боюнча текшерүү иштери улантылууда. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгын буга чейинки маалыматына караганда быйыл ошто мал уурулук көбөйүп, январь айында эле 17 арыз түшкөн. 2020-жылы мал уурулук боюнча жалпы  227 арыз түшүп, 15 миллион чыгым келтирилген.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 405 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо