
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн Бишкек-Ош жолу унаалардын бардык түрү үчүн саат 22:00дөн баштап, таңкы 06:00гө чейин жабылды. Бул тууралуу бүгүн 25-фералда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мындай кадам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарын алдын алуу максатында ишке ашырылууда.
«Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Арал” өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилет. Сиздерге алыскы сапарга чыгуудан баш тартууңуздарды сунуштайбыз»- деп кабарлады ӨКМдин басма сөз кызматы.
Министрликтин маалыматына караганда кечээ Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Кырсыктын алдын алуу максатында Каракол-Эңилчек унаа жолу да 26-февралга чейин жабылды.
22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин маалымдаган.
Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:
- Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдары;
- Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары;
- Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымы;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу;
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкеси жана Кара-Гоо ашуулары.
Мындан улам ӨКМ кышында сапарга аттанган айдоочуларга төмөнкү эрежелерди сактоону эскертти.
Күз-кыш мезгилинде өлкөнүн тоолуу унаа жолдору менен сапарга аттанып жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү кеңештерди эскертет
Опубликовано МЧС Кыргызстана Среда, 24 февраля 2021 г.
Оставьте первый комментарий