Кара-Сууга аким ротация аркылуу келет

Ош облусунун Кара-Суу районуна качан аким дайындалышы азырга чейин анык эмес. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү жаңы район башчы тез аранын ичинде ротация аркылуу келет деп кабарлоодо. Деген менен өткөн айда да 3-4 күн ичинде жаңы аким дайындалат деп ишендиришкен. Мындан улам «аким дайындоо эмнеге кечикти?» деген суроо кызыды. 

Кыргызстан боюнча эң көп калкы бар — Кара-Суу районуна аким дайындоо создугуп атып, кызматтын бош турганына дээрлик 5 айга чамалап баратат. Коомчулукта бул райондун башчысын дайындоонун кечигиши ар кандай ойлорго түртүп жатат. Мыйзам боюнча акимди кызматка коюу үч айдан ашпашы керек эле.

«Аким дайындоо «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде каралган. Анда район башчысы 90 күндүн ичинде дайындалышы керек деген эреже так жазылган. Андыктан акимдин дайындалуу мөөнөтү бүтө электигине карабай, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан сунуштар кеткен. Биз дагы жакын аралыкта чечилип калат деп күтүп жатабыз». 

Молошев бул интервьюсун бизге ушул жылдын 12-январында берген. Ал айткан мыйзамда белгиленген 90 күндүк мөөнөттөн дагы 40 күн өттү. Эмнеге ушунча күндөн бери аким дайындалбай жатканына Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов толук кандуу жооп берген жок. Буга чейин Кара-Сууга аким кызматына эки талапкер өкмөткө жиберилгени кабарланса, азыр эми ротация аркылуу келет деп айтылып жатат.

«Өкмөт деңгээлинде саясат жүрүп жатат. Акимдер боюнча жакында аттестациялар башталат. Губернатор да аттестациядан өтөт. Ал эми Кара-Суу жана Ноокаттын акими кызматына тез аранын ичинде жетекчи келери күтүлүүдө. Менимче, түндүк тараптагы акимдер бул жака келишет. Түштүктөн түндүккө каралат деген да сунуштар бар», -дейт Абдураимов. 

Облус башчы Кара-Суу районуна аким дайындоо саясий кырдаалдарга байланыштуу созулуп кеткенин кошумчалап, тез аранын ичинде маселеге чекит коюлат деп ишендирүүдө. Ал эми саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев ротация аркылуу дайындоо кеминде эки айга чейин создугушу мүмкүн деген пикирде.

«Негизи «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мамлекеттик администрация башчыларын — акимдерди дайындоо жана аларды аттестациядан өткөрүү боюнча» президенттин жарлыгы чыккан. Ага ылайык, өкмөттүн токтому чыкты. Анда баары аттестациядан өтөт. Өтпөй калгандары кайрадан дайындоо, сынактар, документ даярдоо сыяктуу иштер болот. Мунун дагы өзүнүн убактысы бар да», -деп жооп берди ал.

Былтыр 5-октябрдагы элдик толкундоодон кийин Ош облусунда Кара-Кулжа районунун жана Өзгөн районунун акимдери алмашкан. Кара-Суу районун сегиз жыл башкарып келген Тилек Матраимов болсо 16-октябрда иштен бошотулган. Деген менен башка райондорго мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей эле аким дайындалды. Буга чейин Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна башчы дайындалды. Ал эми Ноокат районуна да жакында жаңы аким келээри кабарланууда.

Буга чейин Кара-Суу районуна акимдик кызматка Мурадил Тешебаев менен Нурлан Абдраевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Мурадил Тешебаев учурда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп иштесе, Абдраев 2017-2019-жылдары Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Акимсиз үч ай. Кара-Сууга жаңы башчы дайындоо азапка айланды

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо