Улуттук банк: жакын арада азык-түлүктүн баасы дагы кымбатташы мүмкүн

Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда да жакынкы аралыкта баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Маалыматка караганда, эл аралык соодада көлөм төмөндөп, ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда бирдей эмес жагдай сакталууда. Натыйжада дүйнөлүк рыноктогу баалардын өсүшүнө, анын ичинде Кыргызстанда дагы тамак-аштын кымбатташына алып келет.

2021-жылдын 12-февралына карата жылдык инфляция 10,2 пайызды түзгөн. Айкын инфляция көрсөткүчү негизинен азык-түлүк товарлар тобундагы, айрыкча, өлкөгө импорттолуучу товарлардын бааларынын өсүшүнүн эсебинен калыптанган.

«Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын акырындап калыбына келиши күтүлүүдө. Бул орто мөөнөткө каралган келечекте тышкы талапты камсыз кылуу үчүн республикада экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына өбөлгө түзөт. Ошентсе да дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү Кыргызстанда керектөө бааларынын жакынкы мезгил аралыгында жогорулашынын сакталып турушун шарттайт. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк пайыздык ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды», -деп айтылат маалыматта. 

Улуттук банк ички жана тышкы факторлорду эске алганда жылдын ортосуна карата инфляция турукташарын божомолдоодо. Жылдын аягына карата бир сандык чектерде болушу мүмкүн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январындагы бааларга салыштырмалуу тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 18,5 пайызга жогорулады. Алардын кээ бирине токтоло турган болсок:  өсүмдүк майы — 54,6%, картошка — 46,3%, жумуртка — 35,4%, кумшекер — 33,1%, эт — 27,5%, ун — 16,5% көтөрүлдү. Азык-түлүктөн тышкары курулуш материалдарына, машине тетиктерине жана кийим-кечеге болгон баа да өсүп жатат.

Кыргызстанда жумуртка, картошка өсүмдүк майы кымбаттады

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо