Араванда авикассадан 500 миң сом менен 6 паспорт уурдаган жаран кармалды

Араван районунун Алла Анаров айыл өкмөтүндөгү авиакассадан 480 000 сом, 25 000  рубль жана 6 даана паспорт уурдаган жаран кармалды. Окуя кечээ 26-февралда болгон. 

Ош облустук милициясынан билдиришкендей, кассага уурулукка кирген жарандар авиабилет саткан жердин ээсин  505 000 сомдук зыянга учураткан.

«Бүгүн кылмышка шектүү катары, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 54 жаштагы тургуну кармалды. Анын мурда соттолгону белгилүү болду. Жактоочусунун катышуусунда өз көрсөтмөсүндө уурулук жасагандыгын билдирип, 6 даана паспортту  тергөө кызматына өткөзүп берген. Ал эми көрсөтмөсүндө уурдалган акча каражаттарын үйүнө бекитип койгонун айткан. Анын үйүнө жактоочусу менен барган учурда 300 000 сом табылып, тергөө кызматына өткөзүп берген. Шектүүнүн айтуусу боюнча ал акча иштетпегенин жана уурдаган учурда ушул сумма болгондугун көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Окуя Жазык кодексинин 200-беренесинин 3-бөлүгү (Уурдоо, адамдын менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектке кирүү менен) менен катталып, тергөө амалдары башталган. 

Учурда шектүү Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо