Коронавирус дагы 43 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 43 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 18 адам. Чүйдө — 11, Ысык-Көл облусунда — 6, Ош облусунда — 4, Талас менен Нарында экиден учур. Ал эми Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында илдет катталган жок.

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 185 кишиге жетти.

Бир күндө 66 адам айыгып чыкты. Ушуну менен ооруну жеңгендердин жалпы саны — 83 127. Азыр ооруканада 371 адам жатат, дагы 285 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4205 адамга жетти, алардын 4176сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо