Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы төрт партия билдирди. Жалпы — 11

Сүрөт: newtv.kg

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 27-февралга карата он экиге жетти.

Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргал Кадыров билдиргендей, шаардык кеңештеги мандаттар үчүн ат салышарын «Ата-Журт Кыргызстан», «Элдик», «Ишеним» жана «Республика» партиялары да билдиришти.

Ага чейин «Тилектештик», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Бир Бол», «Ата Журт», «Улуу журт» жана «Улуттар Биримдиги» шайлоо комиссиясына маалымдама беришкен. «Ата Журт» партиясы документтерин кайра артка кайтарып алган.

Шаардык кеңеш 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жылдык мөөнөт иштейт.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо белгиленгенден бери Борбордук шайлоо комиссиясы  ага даярдык көрүү, уюштуруу жана өткөрүү чараларын талдап келди. Соңку отурумдарында буга байланыштуу календардык планын да бекитти.

Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда жарыяланыш керек. Бул жолу ал tizme.gov.kg порталына 12-февралда коюлду, эми 20-февралга чейин добушканаларга илиниши керек. Аты-жөнүнөн же жайгашкан жеринен каталарды, так эместикти тапкан шайлоочу 27-мартка чейин тиешелүү тилкеге кайрылууга тийиш. Талапкерлердин арызын кабыл алуу шаардык кеңештерге 1-март, түнкү саат 12.00дө, айылдык кеңештерге 11-март, түнкү саат 12.00дө аяктайт.

Документтерди текшерүү андан ары он күндө жыйынтыкталып, катталган талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Демек, үгүт өнөктүгү ошондон кийин, тагыраагы калаа жергесинде 12-марттан, элет жергесинде 22-марттан башталат.

БШКнын маалыматына караганда, 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түзгөн.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо