Оштун эки тургуну экстремизмге шектелүүдө

Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош облусунда экстремизмге шектелип эки адам кармалды. Ош шаардык милициясы кабарлагандай, алар бир нече айдан берки жыйналган маалыматтардын негизинде колго түшкөн.

Милиция «Абдуллох» каймана аты бар Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну Б.М менен өз чөйрөсүндөгү каймана аты «Умар аль Форук» делген Кара-Суу районунун 17 жаштагы И.Ф аттуу тургунун кармап, убактылуу жайга камакка алган. Алар интернет аркылуу диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга көмөктөшүп, бул уюмдарга таандык болгон үгүт маалыматтарды таратып турушкан.

Шектүүлөр  «Whats App», «You Tube», «Telegramm», «Facebook» социалдык баракчаларын пайдаланышкан. И.Ф. 300гө чакын мыйзамсыз чакырыктарды интернетке жарыялаган, ал эми Б.М. миңге жакын чакырык, видео-аудио кайрылууларды интернетте каймана аты менен жарыялап турганы аныкталды.

Алар түрдүү фейк аккаунттар менен ачкан баракчалардын баары жабылып, шектүүлөргө таандык компьютердик жабдуулар алынган. Аларга карата Кылмыш кодексинин 315-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо