Ошто Райымбек Матраимовду колдоо митинги аяктады

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапкерлеринин тынчтык акциясы аяктады. Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, 15 миңдей адам чогулду. Көз карандысыз эксперттер 5 миңдей адам болгонун белгилешти. 

Милиция бул митингге катышкандар тарабынан кандайдыр бир тартип, мыйзам бузуу фактылары катталбаганын кабарлады. Учурда Ош шаарында коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Чогулгандар Матраимовду абактан чыгарууну талап кылышты.

Митингге катышкандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Илхом Маннамов жана Искендер Матраимов да болушкан.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 18-февралда УКМК экинчи ирет кармаган. Ага кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып коюлган.

20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовдун баш коргоо чарасын тандап, аны эки айга камаган. 

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Матраимовду Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.

Сотто 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратуранын прокурорунун, УКМКнын тергөө тобунун башчысынын жана Матраимовдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим кабыл алынганы, анда жаза чарасы айыппул түрүндө болору жазылганы айтылды. Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору белгилүү болду.

Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылары айтылган. Ал өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурганын белгиледи. Ал тергөөгө көмөктөшүп, Баткен жана Ош бажысында иштеген мурдагы эки жетекчинин кылмыш жасоого катышканы тууралуу көрсөтмө берүүгө макул болгонун айтты.

Эске салалы: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо