«28 миң доллар талап кылышкан». Ошто ишкерди коркутууга шектүүлөр кармалды

Ош шаарында өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, ишкерди коркуткандар кармалды. Алар ишкерден 28 миң доллар талап кылышкан.

27-февраль күнү УКМК Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана бөгөт коюу иш-чарасын өткөргөн. Натыйжада миң доллар пара алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүе 51 жаштагы жараны менен 34 жаштагы кыргызстандык кармалган.

Алар өздөрүнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырып, коркутуу жолу менен ишкердин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аларга каттоону талап кылышкан.

Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*