Баткен: коңшу мамлекеттерге күйүүчү май ташуу токтоду

Сүрөт: Спутник

Баткен облусунун Лейлек районунда күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө. Азыркы учурда кырдаал турукташып, май куюучу бекеттерде бензин сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Т-Медиага» кабарлады. 

«Акыркы суткада күйүүчү майга болгон тартыштык жаралгандыгы анык. Ага Бишкек шаарынан бензиндин аз өлчөмдө келип жаткандыгы себеп болууда. Азыркы учурда Бишкек шаарынан Исфана жана Сүлүктү шаарына күйүүчү май келе жаткандыгын маалымдайбыз. Бүгүн 1-март, саат 13:00гө карата Лейлек районунда АИ-92 маркасындагы 142 миң 317 литр, АИ-95 6100 литр, АИ-80ден 39миң 685 литр жана 767миң 219 литр солярканын запасы бар экени такталды. Райондо 42 май куйуучу жай иштеп жатат. Анда бензин тартыштыгы жаралган, бирок дээрлик баарында солярка бар»,  -дейт ал.

27-февралда облус башчы Өмүрбек Суваналиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек аралаш аймактарга барган. Анда аткезчиликке бөгөт коюу, аткезчилик тобокелчилиги бар жолдордо көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген.

Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылды. Натыйжада акыркы эки суткада аткезчилик менен күйүүчү май ташып бараткан беш унаа кармалган. Ошондой эле облустагы күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу үчүн кошуна мамлекеттерге мыйзамдуу түрдө бензин ташуу убактылуу токтоду.

Бүгүн жергиликтүү тургундар Лейлек районунда май куюучу жайларда бензин тартыштыгы пайда болгонун билдиришкен. Райондун борбору Исфана шаарында бир эле май куюучу жай иштеп жаткандыктан, унаалардын узун кезеги пайда болгон.

Мурдараак Мунай ташуучулар бирлиги Кыргызстанда 2021-жылдын январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулаганын билидирген. Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 41 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38, 90 тыйындан сатылып жатат.

Бирикменин маалыматына караганда, күйүүчү майдын наркы дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*