Лейлекте бензин тартыштыгы жаралды. АЗСтердин дээрлик баары жабык

Жергиликтүү тургундар тарктан сүрөт

Баткен облусундагы Лейлек районунда май куюучу жайларда бензин тартыштыгы пайда болду. Райондун борбору Исфана шаарында бир эле май куюучу жай иштеп жаткандыктан,  унаалардын узун кезеги пайда болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айдоочулар 2-3 сааттап кезек күтүшүүдө. 

Башка май куюучу жайлардын көпчүлүгүндө бензин жок экени айтылууда. Ошондой эле А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 28-февралда айрым жерлерде 47 сомго чейин чыккан.

«Кулундуда бензиндин баасы 45-47 сомго чыкканы айтылууда. Тажикстан менен чектеш Арка деген айылда 49 сомдон сатылып жатат. Жазгы талаа иштери башталып, дыйкандарга дизель менен бензин керек болуп атат да. Айылдарда май куюучу бекеттер иштебей, бензин бар жерлерге каттагандар көп. 2-3 сааттап кезек күтүп жатышат. Ошол эле учурда күнүнө 20-25 күйүүчү май ташыган унаалар контрабандалык жол менен Тажикстанга өтүп жатат«, — деп билдиришти тургундар. 

«Нефтетрейдерлер бирлиги» АИ-92 күйүүчү майга болгон талап бир гана Баткенде эмес. Нефтетрейдерлер мунайдын жетишсиздик маселесин көтөрүп жатышат. Анткени учурда бензиндин көлөмү аз деп түшүндүрүүдө.

Мурдараак Мунай ташуучулар бирлиги Кыргызстанда 2021-жылдын январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулаганын билидирген. Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 41 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38, 90 тыйындан сатылып жатат.

Бирикменин маалыматына караганда, күйүүчү майдын наркы дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*