"Made in KG" наамын даңазалаган айымдар
Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз кыз-келиндер тууралуу маалыматтар интернет айдыңында оголе көп. Бирок алардын көбү мигрант кыздардын жүгү жана бугу деген сыяктуу маанайды көтөрө турчу кабарлар эмес.

Айрыкча мындай маалыматтар Орусия жана Түркияда эмгектенген кыз-келиндерге байланыштуу. Балким ЖМКлар миграцияда жүргөн кыздарыбыздын ийгиликтери менен жакындан тааныш болбогондугу же ал жактагы позитивдүү ролуна, жетишкендиктерине көп басым жасабаган үчүнбү алардын опол тоодой ийгиликтерине күбө болбой жаткандыр...
Кыялдар сөзсүз орундалат
Бизнес уюмдардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда эле эмес, чет жерде жүрүп өз ишкерлигин жолго койгон кыргыз айымдарынын саны акыркы жылдары өсүп жатат. Аялдар өзгөчө жеке мекеме, менчик компания ачып, өздөрү иштеген өлкөлөрдө жана өзүбүздө кичи жана орто бизнестердин кыймылдаткыч күчү катары каралууда. Биз ишкерликти аркалап, Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды чет жактарга тааныткан айымдардын ийгилиги тууралуу кеп кылабыз. Каармандарыбыз - Орусияда 10 жылдан ашуун ар кандай тармактарда эмгектенгендер. Эң негизгиси алар башына келген кыйынчылыктарга сынбастан тескерисинче такшалып, көптү үйрөнүп, азыр мекендештерине үйрөткөнчө жардам берип келишет.
Иштесе ишти чарчаткан кыргыз айымдары
"Ишкерлердин эл аралык ассоциациясы (МАП) 2015-жылы кыргыз ишкерлери тарабынан негизделген. Уюмдун негизги максаты - дүйнө жүзүндөгү кыргыз ишкерлерин топтоп, аларга бизнес жаатында көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнүгүшүнө биргеликте салым кошуу болуп саналат. Кыргыздар тарабынан негизделген бул уюмда аял ишкерлер 50-60%ды түзөт. Алар ишкерликти да, үй-бүлөнү да бирге алып бара жаткан айымдар.

Уюмдагы ишкер айымдардын айтымында, Москвада жашап, ишкерликти өздөштүргөн аял кишилердин көбүнүн бизнес баштоо боюнча алгач ойлоруна деле келген эмес. Алар көптөгөн тармактарда иштеп, бышып, тажрыйба топтоп, иш жүзүндө колдонуп, ошол эле бизнести кайрадан ачышып, көптөгөн ийгиликтерге жеткен кыз-келиндер.

Мисалы, алар сулуулук салон, кафе, авиакасса, шоу рум, ателье, кыймылсыз мүлк агенстволорун жада калса машинелерди оңдоочу жайларды ачып иштеткенге жетишкен. Дээрлик баары бир кездерде башка бирөөнүн кол алдында иштеп, кийин бизнестин көзүн таап, ар тараптуу тоскоолдуктарга моюн сунбай, өздөрүнүн жеке бизнесин ачкан айымдар.
Элмира Эшанова
Эл аралык ишкерлер уюмунун экс-президенти

Москвада жүргөнүмө 16 жыл болуп жатат. Бул убакыт аралыгында көптөгөн иштерде иштедим. Кыргыз мигранттар чындыгында бул жакта бир эле иште иштебестен, көп жумуштарды аркалайт. Дайыма жакшы нерсенин үстүнөн изденип отуруп, айлыгы көп же болбосо өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтөт. Биз бирөөгө жалданып иштеген жумуштарда жүрүп, эми болсо жеке ишкерликке өтө баштадык.

2016-жылы "Миллионерлердин клубуна" мүчө болдум. Швецариялык компанияга инвестиция кыла баштадым. Азыр болсо каржы жаатында кеңешчи, тагыраагы Россия, Улуу Британия, Европа мамлекеттеринде акчаны туура иштетүү, туура пайдалануу жана көбөйтүү боюнча инвестор, акционер болуп иштеймин. Ишкерлик менен алектенип баштагандан кийин Москвадагы бизнесмендердин башын бириктирип, ар түрдүү иш-чараларды өткөрө баштадык.
Жаштар менен биргеликте 2018-жылы эл аралык ишкерлер ассоциациясын президенти болуп шайландым. Биздин мыйзамыбыз боюнча ар бир ишкер командада лидерлик сапатын көрсөтүп, бир жылдан президент болуп иштейбиз. 2018-жылдан 2019-жылга чейин президенттик ишимди абдан жакшы деңгээлде аткардым десем болот.

Анткени командамды кеңейтип, бир гана Москвада эле эмес, Кыргызстандын жети облусунда ошондой эле Россиянын чоң-чоң шаарыларынан өзүбүздөй ишкерлерди катарыбызга коштук. Москвадагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын уставын мыйзамдаштырып, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгыш үчүн чоң аракеттерди жасадык. Азыр буюрса эл аралык ишкерлер уюмунун келечеги кең.

Россиянын рыногунда жана Кыргызстандын платформасында өтө жогорку деңгээлде жетишип, кыргыздардын ишкерлик жаатын жогорку көрсөткүчкө алып чыгат деген үмүттөбүз. Ар бир кыргыз жараны, ишкери Кыргызстандан товар алып келеби же бул жактан ал жака жибереби аларга биздин эл аралык уюмдун платформасы чоң жардам берет.
Айчолпон Садиева
Эл аралык ишкерлер уюмунун вице-президенти
Москва шаарында 2003-жылдан бери иштейм. Өзүмдү ар кайсы тармактарда сынап көрдүм. Айрыкча акчага байланыштуу тармактарда эмгектендим десем болот. Дүкөндөрдө, супермаркеттерде оператор, адмнистратор болуп иштеп жүрдүм. Өзүмдүн жогорку билимим болгондуктан кийинчерээк Россиядагы банктарга резюме жиберип көрсөм, алар мени ишке алып калышты.

Банкта беш жыл бухгалтер болуп иштедим. Андан кийин бизнес тармагына өткөнүмө 5-6 жылдын жүзү болду. Азыркы учурда кыргыз улуттук продукциясынын Россиядагы атайын өкүлүбүз.
Кыргызстандагы беш компания менен иштешебиз. Алар - "Шоро", "Алайку" жана "Жалал-Абад" суу чыгаруучу заводдору жана "Үмүт и Ко" компаниясы. Мындан сырткары "Артезиан" заводу менен да иштешебиз. Азыр Москва шаарында 250дөн ашык сатуу борборлорубуз бар. Анын ичинен хорика жана халал маркеттер биздин азыктарыбызды алышат.
Эл аралык ишкерлер уюму мага аябай чоң жардам берди. Бизнести кайсыл жактан, кантип баштарымды билбей жүргөн мезгилимде уюмга мүчө болуп калгам. Ошондон бери иштеп келем. Көптөгөн тарапташтарды таап, азыркыга чейин чогу бизнестин түрлөрүн жасап жүрөбүз. Эл аралык ишкерлер уюмунун дагы бир жаккан жери - Кыргызстандын бүт аймактарынан адамдар чогулган. Ошол эле учурда "Сен андайсың, сен мындай элең, Соң-Көлдүксүң, Нарындыксың" деген бөлүнүү бизде болбойт. Ынтымакты биринчи орунга коюп, иш алып барган үчүн жумуштарыбыздын баары алдыга жылып келет.

Бул жерде ар кандай даражадагы бизнес айымдар бар. Чоң ишкерлерден тартып ишкерликке жаңыдан аралашып жаткандар кошулган. Бөлүнбөй, бири-бирибизге ар дайым жардам берип келебиз. Кандай гана суроолор болбосун ара жолго таштабай бири-бирибизди колдогондугубузду баалайм.
Эльнура Суранова
"Мээрим" агенствосунун директору
16 жылдан бери Москвада эмгектенем. Бул жакка келгенден бери көп жумуштарда иштедим. Базарда жана башка жерлерде бизнестерди ачып көрдүм. Бирок азыр беш жылдан бери ипотекалык ортомчулук боюнча агенство ачканмын. Негизи эле ар бир жаран чет жака чыгып бара жатканда ар кимдин өз оюнда үйү болушун каалайт. Баары эле үй алуу үчүн мигрант болуп кеткендиктен көптөгөн жарандарга Кыргызстандан эле эмес, Москвадан да үй алып бергенге жардам берип келебиз. Беш жыл ичинде 300дөн ашуун жаранга үй алып бергенге жетиштик.
Үйлөрдү кыргыз жарандарына гана эмес, орустарга да алып беребиз. Учурда Москвадан жана Санкт-Петербургда да өзүбүздүн кеңсебизди ачканбыз. Бизге үй алмак болгон ар бир жаран кайрылып, кеңеш алса болот. Эл аралык ишкерлер уюмуна кошулганыма үч жыл болуп калды. Алар менен бүгүнкү күнгө чейин иштешип келем. Бул уюмда ар бир ишкер өзү гана иштебестен, эмгек мигранттарына жана кыргыз элине көмөктөшөт. Көптөгөн азык-түлүктөрдү Кыргызстандан алдырып келишет. Мисалы, пандемия убагында көптөгөн дарыларды Россиядан жөнөтүп турдук.
Кыздары тың кыргыздын
Гульнур Темиркулова
"ГАИП" сулуулук салонунун директору
Москвага келгениме он жыл болду. Ал эми жеке салонумду иштеткениме беш жылдын жүзү болуп калды. Азыркы учурда бул жерде 11 киши иштейт. Бардык буйрутмалар бар - чачтарач, каш оңдоо, маникюр студиясы жана окугусу келгендер үчүн түрдүү курстарыбыз бар. Көпчүлүк учурда окутабыз. Андан кийин кыргыз кыздарды жумушка орноштурабыз.
Бизнесте айымдар көбөйдү
"Негизи эле ушул тапта Москвада бизнес тармагында аял ишкерлердин саны көбөйүүдө. Акырындык менен катарыбыз толукталган сайын жаңы идеялар пайда болуп, алдыга пландарды койдук. Мисалы, биздин ишкер айымдар жана эл аралык уюмга мүчө болгон ишкерлер Москвада гана эмес, Кыргызстандын ар бир жети дубанын кыдырып, бизнес идеялар менен иштеп жатышат. Алар учурда иш сапары менен Ысык-Көлдөн Нарынга барышты. Ал жакта "Акыл муун" жана "Жаратман" деген долбоор менен кыдырып жүрүшөт. Биринчи долбоордо мектеп окуучулары айылды өнүктүрүү боюнча проект жазышып, долбоор менен иштеген ишканаларга жөнөтүп, ишке ашырышат. Алгач бул проект айылдын деңгээлинде, анан райондон облуска чыккан жана ишкерликке кызыккан жаштарды көтөрмөлөйт. "Акыл муундун" максаты миграцияны азайтуу. Мүмкүн болсо мүчө болгондор кызыгып иштесе, башка жака миграцияга чыкпай эле өз жерибизде өнүгөт, өсөт. Ал эми "Жаратман" проектиси болсо иштеп жаткан бизнесмендер менен инвесторлордун башын бириктирет. Мисалы, кээ биринде акча болсо, бирөөсүндө идея жок болушу мүмкүн. Орусияда акчасы бар ишкерлер идеясы барларды табыштырып, келишим түзүп иш алып барууну үйрөтүп, бизнес аянтча түзөт" - дейт Айчолпон Садиева.
Ишкер айымдар мамлекет үчүн тоодой эмгек кылууда
Азамат Абылгазиев жеке ишкер
Бизнесте чоң шаарларда аялдардын орду абдан жакшы. Азыркы учурда мырзаларга караганда да алардын иши жакшы десек болот. Анткени аялзатына тийешелүү болгон бизнестер чоң шаарларда тамак аш ичкендей эле зарыл. Колдонулуучу нерселердин баары айымдарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Ошондуктан Москвада, Бишкекте, мен өзүм көргөн башка чет мамлекеттерде дагы айымдарга эң жакшы шарттар түзүлгөн. Анын ичинен көп акча сарптабай эле өздөрү баштап жаткан ишкерликти жакшы өздөштүрүп туруп, аны чоңойтуп кетишсе болот.

Москвада кыргыз айымдардын бизнестеги орду абдан чоң. Кээ бир учурларда керек болсо жигиттерден да алдыда жүрүшөт. Эмне себептен? Анткени айымдар ишкерликке байланыштуу кандай гана тренинг, семинар, форум болбосун ошол жерлерде 80% айымдарды көрүүгө болот. Мындан сырткары айымдар табиятынан өжөр жана жөндөмдүү келишип, психологиялык жактан туруктуу болушат. Алар ушундай чоң мегаполисте өздөрүн гана бакпастан, ишкерликти алып кетип, өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, бир туугандарына керек болсо мамлекетке чоң кызмат кылып жатканын өздөрү аңдабай калышат. Азыркы учурда Москвадагы ишкер кыргыз айымдарын алсак орто жана кичи бизнесте алардын орду жигиттердикине караганда чоң жана мүмкүнчүлүгү дагы кенен. Ошондуктан кыргыз кыздарыбыз бизнес тармагында ишти майын чыгарып кылгандыктан башкалар "ишеничтүү" деп баалап, атайын биздин кыздардын бизнес тейлөө жаатына көп кайрылышат.

Биздин эл аралык уюм да 55-60 пайыз аялдардан турат жана ал жоопкерчиликтүү иштерди моюнга алып, иштерди алдыга жылдырып келишет.

Миграцияда аялдарга ордун табууга шарт түзүлүүдө
Шахрезада Аданова Москвадагы "Айымдар" коомунун негиздөөчүсү
Көп адамдар миграцияда жүргөн кыз-келиндерди "трагедия" катары кабыл алышат экен. Жеке мен антип ойлобойм. Бул Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесс. Бир жагынан караганда миграцияда аялдар үчүн өз ордун табууга шарт түзүлүүдө. Азыркы кезде чет жакта үй-бүлөсү, балдары менен кошо иштеп жүргөндөр көбөйдү. Алар балдарына Орусияда жакшы билим берүүгө аракет кылып жатышат. Келечегин Орусия менен байланыштырып койгондор да бар, бул жакка көнүп калгандар толтура. "Миграцияда аялдар кор болду" деп таптакыр ойлобойм. Өз укугун билген, түшүнүгү кенен, билимдүү айымдар көп. Жалгыз бой аялдар балдары, ата-энелери үчүн кам көрүүчү болуп калды, башы бош кыздар атасынын там салышына, агасынын унаасына, апасынын тоюна жардам берип жатышат.
Азыр миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын дээрлик жарымы аялдар – энелер жана болочок энелер. Өкмөттүн статистикасын деле карап көрсөк Орусияда эмгектенген мигранттар акча которуу боюнча алдыда. Жылына Кыргызстанга 1 млрд. АКШ доллары мигранттардын күчү менен которулат.

Кыргызстандын жарандары миграцияга агыла баштаган алгачкы жылдары көбүнчө эркектер гана чет элге иштегени кетсе, бүгүнкү күндө дүйнөнүн булуң-бурчуңунда иштеп жүргөн аялдардын саны арбын. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдө билимин өркүндөтүп жүргөн кыз-келиндердин саны да барган сайын көбөйүүдө. Демек кыргыз айымдары багындырчу көптөгөн ийгиликтер али алдыда!...
Кайда жүрбө кыргызымдын кыздары бийиктикти багындыр!
Даярдагандар:

Журналист
Айжамал Туголбай кызы

Компьютердик графика

Бекзат Бакиев