Март айында күйүүчү майдын баасы дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн

Сүрөт: Акчабар

Кыргызстанда күйүүчү майдын наркы дагы 5-8 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта басма сөз жыйында Мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

«Күйүүчү майдын баасы жума сайын өсүп жатат. Орусиянын базарында да тартыштык бар. Ал жактан биз күйүүчү майды импорттойбуз. Мындан тышкары Балтика өлкөлөрү Орусиядан бизге караганда кымбатыраак сатып алышат. Ал жакка сатуу пайдалуу. Ошондуктан март айында бензин дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн», — деди Канат Эшатов.

Анын пикиринде, өлкөдө күйүүчү майга болгон бааны бир калыпта сактоо үчүн чек арада аткезчиликке каршы күрөшүү керек. Мунай ташуучулар бирлиги абалды жөнгө салуу үчүн болгон запастарды колдонууда. Бирок баары бир дүйнөлүк баанын өсүшү жана сомдун кунунун түшүүсүнөн келип чыккан кымбаттоого тоскоол боло албайт.

Мурдараак «Нефтетрейдерлер бирлиги» Кыргызстанда 2021-жылдын январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулаганын билидирген. Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 41 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38, 90 тыйындан сатылып жатат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*