Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы каза болду

Ош мамлекеттик университетинин профессору, медицина илимдеринин доктору Ырысбай Жолдубаев 77 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркум эмнеден улам көз жумганы айтылган жок.

Жолдубаев 1944-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. 1968-жылдары Фрунзе шаарындагы медицина институтунун аяктаган. Дарыгер кызматын 1968-жылы Кара-Суу райондук ооруканасында врач-ординатор кызматынан баштаган. 1972-жылы Кара-Суу райондук туберкулезго каршы диспансердик ооруканага башча болуп дайындалган.

1985-жылы Саламаттыкты сактоо министирлигинин КыргНИИге туберкулез боюнча илим изилдөөнүн директорунун орун басарлыгына, 1987-жылы КыргНИИ экология боюнча жана жугуштуу оорулардын алдын алуу болуп түзүлгөн институтка директордун орун басары болуп дайындалган.

1992-жылы Ленинград шаарында пульмонология боюнча Бүткүл союздук НИИде доктордук диссетациясын жактаган. 1992-жылы Госкомконцернде «Кыргызфармминдустрияда» орун басар болуп дайындалат. 1993-жылы кыргыз өкмөтүнүн токтому менен Саламаттыкты сактоо министирлигинин орун басарлыгына дайындалган.

1996-жылы Борбордук Азия жана Закавказия өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоонун реформалоо боюнча ДССУнун  Анкарадагы регионалдык бюросуна эксперт болуп дайындалат.

2002-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ОшМУнун медицина факультетинин деканы, 2004-жылы Медицина факультети кайра уюштуруу жолу менен ОшМУга караштуу медицина институту болгондо анын директору болуп дайындалган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ОшМУнун ички оорулар №3 кафедрасын жетектеп келген.

Маркумдун артында 5 уул, 4 кызы калды.

«Т-Медиа» анын үй бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*