УКМК: 10 тонна күйүүчү майды аткезчилик жолу менен Тажикстанга ташыган жаран кармалды

Сүрөт: УКМКнын маалымат кызматы

10 тонна күйүүчү майды Тажикстанга алып өтүп бара жаткан жеринен кыргызстандык Ж.Ш. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, автоцистерна Лейлек районунун Ак-Арык айылынан Тажикстанга кирип бараткан жеринен кармалган. Товардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Күйүүчү май ташыган жаран чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки ачылган иштин алкагында колго түшкөн.

Автор Т-медиа 11885 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*