УКМК депутат Алиярбек Абжалиевге иш козгоду. Ал мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 1-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланыштарын колдонуп, мамлекеттик башкарууга активдүү катышып жүргөн.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкер Абжалиевдин 20дан ашык элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүйдөгү жер тилкелери, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөрү аныкталган.

Муну менен катар ал жеке менчик структуралардын кызыкчылыгын коргогону айтылды. УКМКнын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттери уланып жатат.

54 жаштагы Абжалиев 2015-жылы парламенттин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган. Ал өзү УКМКнын маалыматына комментарий бере элек.

Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*