Байыркы доордон биздин күнгө чейин
Ош шаарындагы улуттук музейден сүрөт баян
Оштогу Сулайман-Тоо тарых музейине баш бага элек болсоңуз, биз менен бирге таанышып чыгыңыз.

Биздин редакция алыстагы мекендештер же болбосо музейге бара элек жана азырынча баруу планында жоктор үчүн кыргыз тарыхы сакталган улуттук музейге сүрөт сапар уюштурууну чечти. Музейге биз менен бирге иш үстүндө олтуруп эле саякат жасаңыз.
«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музейи Кыргызстандагы эң ири музейлердин бири. Анын имараты «Алымбек Датка» эс алуу багында Суйлайман-Тоонун боорунда жайгашкан.
Имаратка киргениңизде бардык музейдегидей эле экскурсовод сунушталат. Бирок ал үчүн билет алышыңыз керек. Баасы 150 сом. Биздин сүрөт экскурсиябызга маалымат берип, музей менен тааныштырган экскурсовод Мээрим Турдугулова болду.
Экспозиция эки бөлүмдөн турат
Музей экспозициясы эки бөлүмдөн туруп биринчиси Кыргызстандын түштүк аймагынын жаратылышына арналган. Мында өлкөдөгү кен байлыктар, сейрек кездешүүчү жаныбар, дары өсүмдүктөр жада калса курт-кумурскалар менен да тааныштырып өтөт. Ошондой эле, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы коруктар тууралуу маалымат алууга болот.
Эгерде сиз, Кыргызстандын жаратылышына кызыгып жүргөн болсоңуз музейдин бул бөлүмүнөн кызыл китепке кирген жаныбарлардын, түштүк аймагында өскөн дары өсүмдүктөрдүн тизмеси, аймактар боюнча картасы сыяктуу баалуу маалыматтарды таба аласыз.
Ал эми экинчи бөлүмү өлкөнүн түштүк аймагынын тарыхынан турат.
Бул бөлүмдө адамзат коомунун өнүгүүсүндө эң узакка созулган таш доорунан баштап, Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхы чагылдырылат.
Көргөзмө залдын ортосунда Сулайман-Тоонун макети жайгашкан. Ал эми анын айланасында, коло доорунан баштап орто кылымга чейинки баалуу буюмдардын коллекциялары бар.
Ошондой эле, музейде кыргыз этнографиясына арналган бөлүм бар. Мында байыркы кыргыздардын каада-салтын, маданиятын чагылдырган 19-20-кылымдарга таандык колдонгон буюдары көрсөтүлгөн.
Экспозицияда жалпы 33 миңден ашуун экспонаттар топтолгон. Алардын 6694ү археологиялык, 3702си этнографиялык мурастар, 19852си документтер жана сүрөттөр, 1196сы кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикалар. Музей аралай экскурсия Орус падышачылыгы, Кокон хандыгын андай кийин согуш мезгилдерин эске салып келип, Кыргызстандын эгемендүүлүктү алган жылдарынан азыркы күнгө чейинки тарыхын айтуу менен аяктайт.
Музей тарыхы
Музейдин алгачкы административдик корпусу 1975-ж.
Ош шаарындагы бул тарых музейи алгач 1950-жылы медресеге уюштурулуп, кийин имараттын тардыгынан Ак-Буура дарыясынын оң тарабындагы чайханага көчүрүлгөн. Анда көргөзмө залдын аянты 65 чарчы болуп 5 кичине залдан турган. Алгач мында калк арасынан чогултулган жыргалчак, май чырак, чопо карапалардан турган 268 экспонат болуп, болжол менен 10дой кызматкер эмгектенген. Бир нече жолу имараты алмашкан музей экспозициясы 1962-жылы Сулайман-Тоо этегиндеги Рабат-Абдуллахандын мечитине көчүрүлгөн. Музейдин өз имараты үчүн 1998-жылы гана жер бөлүнүп, 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдык мааракесине карата ачылган. Бирок анда музей "Улуу Жибек Жолу" деп аталган. Ага улуттук деген статус 2004-жылы берилип, аталышы "Сулайман-Тоо" Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп өзгөртүлгөн.