Каттоо аяктады. Ош шаардык кеңешине 10 партия ат салышат

Сүрөт: Табылды Кадырбеков

Ош шаардык кеңешине 11-апрелде өтө турган шайлоого катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу 1-мартта, саат 23:59да аяктады. Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргал Кадыров билдиргендей, тиешелүү документтери менен арыздарын 10 саясий партия тапшырды.

Алар:

  • «Тилектештик»;
  • «Ата Журт Кыргызстан»;
  • «Ишеним»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Бир Бол»;
  • «Улуу журт»;
  • «Улуттар Биримдиги»;
  • «Ыйман нуру»;
  • «Республика»;
  • «Ынтымак».

Кайсы партиялар шайлоого катышуудан баш тартты?

«Элдик» жана «Ата Журт» партиялары документтерин чакыртып алып, Ош шаардык кеңешине ат салышуудан баш тартты.

Эми үгүт өнөктүгү 11-мартта, саат 23:59да башталат.

Шаардык кеңеш 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жылдык мөөнөт иштейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык,  шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда жарыяланыш керек. Бул жолу ал tizme.gov.kg порталына 12-февралда коюлду, эми 20-февралга чейин добушканаларга илиниши керек. Аты-жөнүнөн же жайгашкан жеринен каталарды, так эместикти тапкан шайлоочу 27-мартка чейин тиешелүү тилкеге кайрылууга тийиш.

БШКнын маалыматына караганда, 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түзгөн.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*