Президент Казакстанга мамлекеттик сапар менен кетти

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. 

Ал Нур-Султан шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, коңшу өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Делегациясынын курамы:

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

Вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

Кыргызстандын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

Энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-февралда Орусияга алгачкы иш сапар менен барган.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*