Прокуратура: ССМ коронавирустун биринчи толкунунда мамлекетке 3 млндон ашуун зыян келтирген

Саламаттыкты сактоо министрлиги, коронавирустун биринчи толкуну учурунда дары-дармектерди сатып алууда мыйзам бузууларга барган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдети менен күрөшүү учурунда саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банктан бөлүнгөн акча каражатына лопинавир, ритонавир препараттары сатылып алынмак. Бирок кийин сатып алуу учурунда ал дарылар тизмеден чыгарылып калган.

«Бирок, өткөн жылдын 13-апрелинде министрлик тарабынан «М» фармкомпаниясы менен калидавир, лопинавир, ритонавир препараттардын аналогу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3,5 млн сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлгөн. Сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды. Мындан улам, прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин ошол маалдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3,5 млн сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилгенин аныктаган», — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми, коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды дарылоо боюнча убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык,  учурда дарылоодо лопинавир, ритонавир препараттары колдонулбайт.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин  320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

 

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*