Өткөн суткада коронавирустан Бишкекте 1 бейтап көз жумду. Жаңы учурлар 57

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1 бейтап каза болду. Жаңы учурлар 57. Айыгып чыккандар 59. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. 

Жуктургандар:

Бишкек — 24;
Ош — 0;
Чүй облусу – 22;
Ош облусу — 1;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу — 0.

Айыккандар: 

Бишкек – 17;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 5.

Өткөн жылдын 18-марттынан бери коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 86 308 кишиге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 83 269. Каза болгондор 1467.

Учурда ооруканада 353 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 92 бейтап оор, 17си  өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 280 бейтап жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо