«Туура эмес агымдарга көбүнчө мигранттар азгырылат». Эксперт Кожобеков менен маек

Асылбек Кожобеков

Серепчилердин баамында учурда Кыргызстанда террордук коркунуч дагы эле сакталууда. Борбор Азия өлкөлөрү тыюу салынган уюмдардын дагы эле көңүл чордонунда турат.

Жөнөкөй, өзүнүн күнүмдүк туршуму менен алектенген жаштар эмне үчүн террорчулардын жана алардын жардамчыларынын сөздөрүнө азгырылышат? Эмне үчүн өз жанын тобокелдикке салып, өмүрүндө көрбөгөн, укпаган башка өлкөлөргө жөнөп, колуна курал алып набыт болушат? Азыркы учурда террордук чабуулдардан жана тыюу салынган уюмдардын иш аракеттеринен коркунуч барбы? УКМКнын мурдагы жетекчисинин орун басары, Терроризмге каршы күрөшүү борборунун мурдагы жетекчиси Асылбек Кожобеков ушул теманын алкагында биздин редакцияга маек курду.

«Азыркы учурда террористтик уюмдардын аракеттеринен болгон коркунуч жок эмес, бар. Мисалга айта кетсем, эң белгилүү ушундай уюмдардын бири – бул мурдагы «Ислам мамлекети». Аталган уюм азыр башкача аталат. Акыркы жылдарда алардын Борбордук Азия мамлекеттерине болгон кызыгуусу өтө чоң. Бул үчүн алар өзүнүн жанкечтилеринин бир бөлүгүн Афганистанга көчүрүп, ошол жерде бул уюмдун өкүлчүлүгүн түзүү болуп турат. Биздин мамлекетке ачык эле коркунуч деп эсептесек болот. Мындан сырткары башка террордук уюмдар дагы бар. Алар көптөгөн жоготууларга дуушар болгонуна карабастан өзүнүн инфраструктурасын, согуштук жана жаны жанкечтилерди өзүнө тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сактап калууга жетишкен. Буларды эске алып, мындай уюмдардан келип жаткан коркунуч бар деп ойлойм».

Борбордук Азияда өзүнүн чоң тажрыйбасы менен белгилүү болгон Асылбек Кожобековдун айтымында,  азыркы учурда тыюу салынган уюмдар өзүнүн армиясын күчөтүү максатында жаштарды өз катарларына тартып жатышат. Бул үчүн алар көбүн эсе жаш эмгек мигранттарды азгырышат.

«Террордук уюмдардын азгырыгына дуушар болгондор көбүн эсе чет мамлекеттерге эмгек миграцияга кеткен биздин жарандар. Алар барган жеринде жаңы чөйрөгө түшөт. Адаттагыдай эле мечитке барышат, анын жалгыз, жаңы тааныштары жок экенин байкаган шылуундар мындай балдарды жөн эле өзүнө азгырып алышат».

Азгыруунун дагы бир эң белгилүү жолу – бул интернет. Биринчи террорчулардын эмиссарлары социалдык тармактар аркылуу кадимкидей маек жүргүзүп, турмуштун акыйкатсыздыгын, кыйынчылык жөнүндө сөз кылышат. Бул кыйынчылыктардан чыгуу үчүн бир гана жол бар экенин, ал — джихад кылуу деген ойду беришет. Андан соң болочок жанкечти психологиялык түрдө даяр болгондо, аны менен жолугушууга барышат. Террорчулардын жардамчылары көбүн эсе ушул сценарийди колдонушат.

«Бир окуяны айтып берейин. Жөнөкөй жаш жигит Орусияга иштегени жөнөп, ал жерден беш-алты бала болуп батир алып, жашап иштеп жүрүшөт. Ал жигит мурда соттолгон, чет жакка биринчи ирет чыгышы, анан ошол жаңы кишилердин таасирине кирип, алар менен бирге каракчылык кыла баштайт. Каракчылыктын максаты – бул джихадга акчалай жардам берүү болгон. Каракчылык кылып жатып алар андан да чоң кылмыш жасашат.  Бул топту милиция кармайт, бирок мен айткан жаш жигит Кыргызстанга качып келет дагы, бул жакта террорчулар менен сүйлөшүп Сирияга жөнөйт. Ал жакта согушка катышат, анан джихаддын идеясынан көңүлү калып, ар кандай шылтоолорду айтып, Кыргызстанга кайтып келет. Биз аны кармап, тергөө жана сурак жүргөн. Ал өзүнүн жаңылышканын түшүнүп, жүрүм-туруму да өзгөрөт. Аны биз жөн гана тергөө маалында эмес, абакта отурганда да изилдесек, чынында жаман жолго түшкөнүн түшүнүп, таптакыр көз караштарын өзгөрттү».

Бирок ошол эле учурда тескери учурлар да кездешет.

«Дагы бир атуулубуз өзүнүн үй-бүлөсүн Сирияга жөнөтүп, өзү да артынан жөнөп жатканда кармап калдык. Ал таптакыр оюнан кайтпай койду. Аны менен иштеп жаткан учурда бир тыянакка келдик – ал үчүн башка дүйнө жоктой, бир гана джихад идеясы менен жашап калган».

Мындай мисалдарды болтурбоо үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, буга мамлекет көңүл буруусу зарыл. Мамлекеттик деңгээлде атайын системада иштеп чыккан жана өзүн ийгиликтүү көрсөтүү. Бул жаштардын диний сабаттуулугун көтөрүү. Бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен тыгыз иштеп Ислам баалуулуктарын туура жеткирүү зарыл.

«Мамлекетте бул көйгөгө системалуу түрдө көңүл буруу керек. Профилактикалык, алдын алуу иштерин жүргүзүп, ишти мектеп окуучулары арасында күчөтүү зарыл. Буга дин кызматкерлерин тартуу, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура маалымат берүү керек. Мындай тажрыйба бизде бар жана өзүнүн жемишин жакшы эле берип жатат», —деп сөзүн жыйынтыктады Асылбек Кожобеков.

Экстремизм жана терроризм менен күрөшүү жана бул көрүнүштөргө бөгөт коюу —  бул жөн гана заман талабы эмес. Эксперттер мамлекеттик деңгээлде көрүлө турган чаралардын эң негизгиси деп белгилешет. Жыл башынан бери Кыргызстанда террордук уюмдардын бир нече мүчөсү курал-жарак менен атайын кызматтар тарабынан кармалганы, көйгөй бар экенин жана бул көрүнүшкө олуттуу түрдө маани берүү зарылдыгын билдирет.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*