Кадырбекова: Оштун губернаторунун облустарга таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү жок

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан «Ишеним» партиясына Ош облусунун жетекчиси Жарасул Абдураимовдун тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова «Т-Медиага» билдирди.

Анын айтымында, Абдураимов мамлекеттик кызматкердин талабы боюнча партияны жана жеке ишканаларды башкаларга өткөрүп берген. Азыр аталган партияны Мирлан Ибаков жетектеп жатат.

«Чынында «Ишеним» партиясы 2011-жылы менин жана андан сырткары он чакты адамдын ээлиги астында түзүлгөн. Ошондон бери партия, анын мүчөлөрү жана мен өзүм дагы бир да өнөктүккө катышкан эмеспиз. Аймактык шайлоо комиссияларынан сураштырсак, учурда партияны Ибаков Мирлан жетектеп жатыптыр. Соцтармактагы маалымат боюнча «Ишеним» партиясы бир нече шаарларда жана облустарда жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышат экен. Бул өңүттөн алып Абдураимов Оштун жетекчиси. Биринчиден, бүтүндөй облустарга таасир этүүгө, админресурс колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. Экинчиден, өндүрүшчү катары иштеп жүргөн кишинин буга таптакыр убактысы тар».

Расмий маалыматтарга ылайык, «Ишеним» партиясы быйыл Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине шайлоого катышуу үчүн арыз берген. Юстиция министрлигинин сайтында аталган партиянын негиздөөчүсү катары — өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Жарасул Абдураимов көрсөтүлгөн. Партия 2011-жылы октябрь айында каттоодон өткөн.

Жарасул Абдураимов 2020-жылдын 19-октябрында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалган. Бул кызматка келгенден кийин партияны негиздегендердин тизмесинен чыккан эмес. Ал партиядан сырткары ондон ашык компаниялардын ээси катары да катталган.

«Былтыр декабрда Жарасул Абдураимов Ош облусунун башчысы катары ММК өкүлдөрү катышкан маалымат жыйынында партия жана жеке ишканалар мамлекеттик кызматкердин талабы боюнча башкаларга өткөрүлгөндүгүн белгилеген», -деди Кадырбекова.

Улуттук коопсуздук комитети 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого «Ишеним» партиясынын катышуу ниети тынчсыздануу жаратып жатканын билдирген. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, аталган партия административдик ресурс колдонушу мүмкүн.

26-февралда саясатчы Жылдызкан Жолдошева жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып, Ош шаарында кайсы бир партия мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жатканын билдирген. Ал УКМКнын төрагасына кайрылып, бул маалымат ишенимдүү экенин айтып жөнгө салып коюсун айткан.

«Ал партия бизнесмендерге «35 миң доллардан төгүп, партиянын курамына кирип, шаардык кеңештин шайлоосуна катышып, бир инсанды мэр кылып бересиңер» деп кысымга алып жатышат. Мындай кысымдар экс-президент Сооронбай Жээнбековду, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жек көрсөткөн. Азыркы президент да кысымдарга көңүл бурбаса, жек көрсөтүп коюшат. Анткени коомдогу терс көрүнүштөр дайыма президенттин атына тийип калат», -деген Жолдошева.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ош шаардык кеңеши 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жылдык мөөнөт иштейт. Азырынча жарышка катышуу ниетин 11 партия билдирди. 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*