
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Камчы Көлбаевдин бошотулушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу элчилик бүгүн 3-мартта маалымат таратты.
“Баңгизаттарды, адам, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Көлбаевдин абактан чыкканына тынчсызданабыз. Анын баңги заттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Россияда жана Европада балдарды ууландырып келет. Ушул себептен АКШнын мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган”, – деген АКШнын элчиси Дональд Лу.
Маалыматка караганда Дональд Лу буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда, АКШ кыргыз укук коргоо органдарынын Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот алдында жоопко тартуу аракетин колдоорун билдирген.
Ошондой эле, ал Вашингтондун Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылуу үчүн сыйлыктын көлөмүн көбөйтүү жана бул багытта механизмди өркүндөтүү тууралуу ниетин айткан.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык соту 2-мартта кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен былтыр 22-октябрда кармалган Камчыбек Көлбаевди эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошоткон.
5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. 17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан эле.
АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.
Оставьте первый комментарий