
Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. Ал үчүн атайын мобилдүү топтор түзүлдү. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке каршы иштерди алып барышат. Учурда курамына УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, финпол, ӨКМ, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын адистери кирген мобилдүү топтор, аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө.
«Кечээ 2-мартта, Лейлек району менен чектешкен Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында, кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара-Худжанд жолунун боюнда жайгашкан, (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куйуучу жайларга кароо жүргүзүштү. Адистер май куйуучу жайлардын ээлерине, мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган май куйуучу жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш аракеттерден алыс болуу боюнча эскертүүлөрдү беришти», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Баткен облусунун чек аралаш аймактарында иштебей турган май куйуучу жайлар, кошуна мамлекеттерге аткезчилик менен тымызын күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө маалыматтар тараган. Өкмөттүн өкүлчүлүгү бул маалыматтын чындыкка дал келбегенин билдирген.
Аймактык салык кызматынын маалыматына таянсак, Исфара-Худжанд жолунун боюнда эле, Кыргызстанга тийиштүү 26 май куйуучу жайлар жайгашкан. Анын ичинен мамлекеттик салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) туташкан 17 АЗС иштеп жатат.
Лейлекте бензин тартыштыгы жаралды. АЗСтердин дээрлик баары жабык
Оставьте первый комментарий