
Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын жаңы долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн жарыялоону талап кылышты. Парламенттин бүгүн, 3-марттагы жалпы жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев спикерге ушундай өтүнүч менен кайрылды.
«Ушул долбоордун авторлору ким экени белгисиз. Компьютерде да, кагаз түрүндө таратканында дагы жок, жазылбаптыр. Азыр талкуу башталганга чейин жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн таратып койсоңуздар. Эл билип алсын», — деди Акаев.
Дастан Бекешев да ушундай маселе көтөрдү.
«Бул «Ханституция» кыргыз элинин башына түшкүн кайгы болот. Демилгечи катары силер жооп бересиңер. Бул катардагы мыйзам эмес — Баш мыйзам».
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Ал парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.
Дагы бир эл өкүлү Ирина Карамушкина «Президенттик башкарууга кайтуунун зарылчылыгы бар беле?»деген суроо койду.
«Бүгүн референдум өткөрүү маселеси гана каралышы керек болчу. Азыр болсо Баш мыйзамдын жаңы долбоорун өткөргөнү жатасыңар. Биз араң кутулган президенттик башкарууга кайтканы жатабыз. Эскиге кайтуунун кандай зарылчылыгы бар? Силер өлкөдөн кеткен жарандардын агымы көбөйүп жатканын билесиңерби? Алар келечекке ишеними жок болгону үчүн кетип жатат», -дейт депутат.
Каныбек Иманалиев Конституциянын жаңы долбоору аймактарда коомдук талкуу коюлбаганын сындады.
«6,5 миллион элдин атынан Конституцияны иштеп чыгууга кандай акысы бар? Кантип 30 эксперт элдин атынан Баш мыйзамды жазат? Ош облусунда же Баткенде талкуу болдубу? Аймактарда талкуу болбогондон кийин бул Бишкектин эле мыйзамы болуп калат. Экинчиден, бул Баш мыйзамда сегиз ката жүрөт. (Каныбек Иманалиев «Табият менен таттуу мамиледе болуу, адилеттүүлүгү» деген сөздөрдү сындады).
Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо парламенттин 3-марттагы сессиясынын күн тартибине киргизилген. Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.
2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ушул эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.
Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документти эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Долбоорго ылайык, президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланды. Анда кандай өзгөрүүлөр бар?
Оставьте первый комментарий